Редакцияот 03.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ  

                                               ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата  шаарында коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер жөнүндө

 

 

2026-жылдын июль айынын 7си  №31/30-8                   

 

 

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 12-июнундагы №01-8/1817 кайрылуусунун негизинде, “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

 

       1. Чолпон-Ата шаарындагы коомдук транспортто 1 (бир) жүргүнчүнүн жол акысынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:

-2-кичи район-3-кичи район-Чолпон-Ата-Бостери - 30 сом;

-Калктын жеӊилдикке муктаж катмары болуп эсептелген жарандарга пенсинерлерге, майыптарга (күбөлүгүнүн негизинде), мектеп окуучуларына-20 сом.

-7 жашка чейинки курактагы балдарга бекер.

 

1.    Чолпон-Ата шаарындагы коомдук транспорту ар күн сайын  саат 07:00- 19:00го чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн.

 

2.    Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы №30/19-7 токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага          Э.М.Молдобеков