Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-июлундагы № 2026-П-17/35-6-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) «Адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо» бекитилсин (1-тиркеме);
2) Адистештирилген финансы уюмдарынын ишин жөнгө салуу эрежелери бекитилсин (2-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12\42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
1) преамбуласында, 5-главасынын аталышында жана 3, 6, 8, 49-пункттарында, мамлекеттик тилдеги текстте түрдүү жөндөмөлөрдөгү «жана адистештирилген финансы мекемеси» жана «жана адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр алынып салынсын;
2) 2, 4-главаларынын аталышында, 4, 6, 8, 11-15, 17, 19-24, 26, 28, 29, 31, 32, 39-1, 40, 42, 43, 45, 46-пункттарында жана 4-тиркемесинде мамлекеттик тилдеги текстте түрдүү жөндөмөлөрдөгү «, адистештирилген финансы мекемеси» жана «, адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр алынып салынсын;
3) 15-пунктунда мамлекеттик тилдеги текстте «, адистештирилген финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр алынып салынсын;
4) 19-пунктунда мамлекеттик тилдеги текстте «, адистештирилген финансы уюмдарында» жана «, адистештирилген финансы уюмунда» деген сөздөр алынып салынсын;
5) 50-пунктунда мамлекеттик тилдеги текстте «жана адистештирилген финансы уюмдарынын» жана «жана адистештирилген финансы уюму» деген сөздөр алынып салынсын;
6) преамбулада расмий тилдеги текстте «и специализированными финансовыми учреждениями (далее - СФУ)» деген сөздөр алынып салынсын;
7) 5-главасынын аталышында, 3, 6, 8, 49-пункттарында расмий тилдеги текстте « и СФУ» деген сөздөр алынып салынсын;
8) 2-главасынын аталышында расмий тилдеги текстте «, специализированных финансовых учреждений» деген сөздөр алынып салынсын;
9) 4- главасынын аталышында, 4, 6, 8, 11-15, 17, 19-24, 26, 28, 29, 31, 32, 39-1, 40, 42, 43, 45, 46, 48, 50-пункттарында жана 4-тиркемесинде расмий тилдеги текстте «, СФУ» деген аббревиатура алынып салынсын;
10) 6-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
11) 8-пункттун 16-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: «Банктар отчеттук маалыматтарды Улуттук банк тарабынан регулятивдик банктык отчеттун алкагында белгиленген мөөнөттөргө ылайык беришет.»;
12) 48-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августунун № 35/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 5-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 5-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө» токтомунун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 3-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун онунчу абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 9-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документтерин банк эмес финансы-кредит уюмдарына берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 5-пункту.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 5-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун 14-пунктчасы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 14-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 5-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-10-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 4-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун:
- 1-пунктунун он жетинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 16-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун:
- 1-пунктунун он сегизинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 17-пункту.
5. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |