Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨрАгАСЫНЫН тескемеси

 

2026-жылдын 31-июлу № 553

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22-январындагы № 30 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:

1) ведомстволор аралык комиссиянын курамынан Э.Ж. Байсалов, И.М. Сыдыгалиев чыгарылсын;

2).ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Маматканов Улан Эркинович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Айдаров Айбек Самудинович – Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев