Редакцияот 17.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 17-июлу № 496

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:

– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 71-пунктча менен толукталсын:

«71) Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет мамлекеттердин жарандарын иши МБКнын төрагасы тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынуучу төраганын коомдук башталыштагы кеңешчилеринин кызмат ордуна дайындоого жана аларды кызмат ордунан бошотууга укуктуу;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев