Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 27-июлу № 13-84
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде
жана карамагындагы ведомстволордо коррупциянын тобокелдиги
болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана карамагындагы ведомстволордо коррупциянын тобокелдигин алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана карамагындагы ведомстволордо коррупциянын тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 13-43 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана карамагындагы ведомстволордун жетекчилери белгиленген тартипте:
- аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана четтетүү боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн;
- кызматкерлердин арасында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууга жол бербөө боюнча туруктуу негизде түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Министрликтин пресс-катчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Министрликтин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
5. Министрликтин укуктук камсыздоо бөлүмү белгиленген тартипте:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 29-июлунда https://egov.kg/kg/ministry/energo/npa расмий сайтында жарыяланды
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Министр | А.Д. Рысбеков |