КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 503
Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегин актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11. Ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоодо да колдонулат деп белгиленсин.».
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 235 «Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 163 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 235 «Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагыдагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |