Редакцияот 08.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын

кезексиз он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 8-июлундагы №16/2

 

«Ата-Журт » коммерциялык эмес сүт өндүрүүчүлөр уюмун ачуу жана

Жалпы жобосун бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин 2025-жылдын 21-февралындагы “ Жамааттар (коомчулуктар) жана алардын бирикмелери жөнүндө мыйзамына ылайык Кербен шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 01-20/1672 сандуу катына негиз Кербен шаардык кеңештин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 16 токтомун Кербен шаардык кеңеши карап жана талкуулап IX-чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.« Ата-Журт » коммерциалык эмес сүт өндүрүүчүлөр уюмун ачууга жана

Жалпы жобосун бекитип берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

 

2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад

 областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин

мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу

комиссиянын төраагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.

 

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы:  

 

                А.Базарбаев