Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июлундагы № 516
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маселелери жөнүндө
«Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:
– 3-пунктта:
биринчи абзац «жана ишке ашыруу» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо» деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацтагы «виртуалдык активдер рыногун;» деген сөздөр алып салынсын;
– 11-пунктта:
1–3-пунктчалардагы «виртуалдык активдер рыногун,» деген сөздөр алып салынсын;
5-пунктчадагы «виртуалдык активдер рыногуна,» деген сөздөр алып салынсын;
9-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногу» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пунктчалар менен толукталсын:
«11) жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субьекттерге карата лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу;
12) көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын, анын ичинде максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү.»;
– 13-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) тармактык саясаттын функциялары:
– банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүү, анын ичинде банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасы жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты аныктоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– банктык эмес финансы рыногунун субъекттери үчүн бухгалтердик эсепке алууга жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө талаптарды иштеп чыгат;
– банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу/ көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан алардын ишинин алкагындагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
– ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;
– аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин ишине карата талаптарды иштеп чыгат;
– аудитордук иш, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудиторго кесиптик квалификация ыйгаруу жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча жогорку окуу жайларынын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо чөйрөлөрүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
– виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет жана координациялоону жүзөгө ашырат;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндө сунушталып жаткан жөнгө салуучу чечимдердин көзөмөлдөө жана комплаенс-тобокелдиктерин баалоону жүргүзөт;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө практикасынын негизинде виртуалдык активдер чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөл маселелери боюнча эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасынын өкүлү болот;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүдө виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү чет элдик көзөмөл органдары менен маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзөт;»;
2-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүүгө лицензияларды жана/же уруксаттарды берет;»;
бешинчи абзацтагы «, виртуалдык активдер рыногунун» деген сөздөр алып салынсын;
тогузунчу абзацтагы «, виртуалдык активдер рыногунда» деген сөздөр алып салынсын;
он бешинчи – жыйырманчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчада:
экинчи абзацтагы «виртуалдык активдердин рыногун,» деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацтагы «, виртуалдык активдердин рыногунун» деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзацтагы «, виртуалдык активдер рыногунун» жана «/виртуалдык активдердин» деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы абзацтагы «, виртуалдык активдердин рыногунун» жана «, виртуалдык активдер рыногунун квалификациялуу инвесторунун квалификациялык күбөлүгүн» деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи, он алтынчы, он жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында суроо-талаптарды жөнөтөт жана жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттерден зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды алат;
– виртуалдык активдер рыногунун абалы жана кабыл алынган көзөмөлдөө чаралары жөнүндө жылдык отчетторду даярдайт жана расмий сайтка жарыялайт;
– виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүнө талаптагыдай көзөмөл механизмдерин, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан блокчейн-талдоо операцияларынын куралдарын ишке киргизет жана колдонот;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өзүнүн көзөмөлдөө жана контролдоо ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттердин ишине туруктуу мониторинг жүргүзөт;
– тобокелдикке багытталган мамилеге ылайык виртуалдык активдер рыногунун субьекттеринин тобокелдиктерди баалоо системасын түзөт;
– виртуалдык активдер рыногунун субьекттерин кошпогондо, жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин менчик түзүмүндөгү, катышуучулардын (акционерлердин), бенефициардык ээлик кылуучулардын жана жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субьекттердин жетекчи адамдарынын курамындагы өзгөрүүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлүндөгү субьекттердин жана алардын кызмат адамдарынын ишкер беделдерине көзөмөл функцияларынын алкагында талдоолорду жүргүзөт;
– виртуалдык активдер рыногунун субьекттерин кошпогондо, жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин уставдык капиталынын жетиштүүлүгүнө жана аны түзгөн булактардын мыйзамдуулугуна контроль жүргүзөт;
– виртуалдык активдер рыногу чөйрөсүндөгү маалыматтарды жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субьекттердин толук жана анык ачып берүүсүн контролдойт;
– виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана платформаларда жүгүртүүгө мониторинг жана текшерүү жүргүзөт;
– тышкы же инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетту даярдайт жана виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт;
– майнинг-пулдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
– майнинг ишинин билдирилген жана иш жүзүндөгү кубаттуулугуна талдоо жүргүзөт;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттерди Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптардын сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырат;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин тобокелдик даражасын түзөт;
– финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенет жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда, тартипте жана мөөнөттөрдө ага маалыматтарды жана материалдарды жөнөтөт;
– тобокелдиктери жогору жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттерге карата күчөтүлгөн көзөмөл чараларын колдонот.»;
– 14-пунктта:
2-пунктчадагы «, виртуалдык активдердин квалификациялуу инвесторунун квалификациялык күбөлүгүн» деген сөздөр алып салынсын;
9, 10-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууну жана бузууларды жоюуну камсыз кылуу, банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана баалуу кагаздардын кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында сот органдарына кайрылуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда баалуу кагаздар менен операцияларды токтото туруу жана/же баалуу кагаздарды кармоочулардын эсепке алуу жана сактоо системасындагы жеке эсептеринде баалуу кагаздардын кыймылын бөгөттөө;»;
11-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногун» деген сөздөр алып салынсын;
12-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногу» деген сөздөр алып салынсын;
16-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногун» деген сөздөр алып салынсын;
17-пунктчадагы «виртуалдык активдер рыногун,» деген сөздөр алып салынсын;
21-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногун» деген сөздөр алып салынсын;
22-пунктчадагы «, виртуалдык активдер рыногунун» деген сөздөр алып салынсын;
26, 33-пунктчалардагы «/виртуалдык активдердин» деген сөздөр алып салынсын;
28–32-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«28) лицензиясы токтотулуп турган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
– лицензиялардын токтотулуп турганы, жокко чыгарылганы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
– кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаларды жана/же башка мүлктөрдү кардарларга кайтарып берүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана/же кардар менен макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жокко чыгарууга же болбосо кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын башка кесипкөй катышуучунун аткаруусуна өткөрүп берүүгө;
29) эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштаган жак Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын бузган учурда баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары болду деп таанылганга чейин баалуу кагаздардын ачык сунушталышын каттоону жокко чыгарууга;
30) Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдары эмитент тарабынан бузулган учурда жеке эмиссияда баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары таанылганга чейин жеке эмиссиядагы баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоону жокко чыгарууга;
31) эмитенттен баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө шартка/чечимге, проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү же аны каттоо үчүн толук жаңы маалыматтар менен алмаштыруучу проспектти берүүнү төмөнкү учурларда талап кылуу:
– проспектте ачыкталууга тийиш болгон жаңы маанилүү маалымат пайда болгондо;
– проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар аныкталганда же эгерде проспектте маалыматты ачыкка чыгарууда олуттуу кемчиликтер болсо;
– Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына карама-каршы келген фактылар жана маалыматтар аныкталса;
32) эгерде баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жокко чыгарылса же баалуу кагаздарды ачык түрдө сунуштап жаткан эмитент Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же аны каттоо үчүн толук жаңы маалыматтар менен алмаштыруучу проспектти бербесе, баалуу кагаздарды ачык түрдө сунуштап жаткан эмитенттен инвесторлорго каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылуу;»;
35-пунктчадагы «/виртуалдык активдер» деген сөздөр алып салынсын;
36-пунктчадагы «/виртуалдык активдерди» деген сөздөр алып салынсын;
49-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Виртуалдык активдердин тооруктарынын операторунун (криптобиржанын) иши жана виртуалдык активдердин тооруктарынын операторлорунун (криптобиржанын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
– 48-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом 2026-жылдын 9-июнунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |