Редакцияот 08.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын

кезексиз он алтынчы сессиясы

 

2026-жылдын 8-июлундагы №16/3

 

  Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын

башчысы Туманбаев Каныбек Тургунбековичке Кербен шаарынын

“ Ардактуу атуулу ” наамын берүү

 

Кербен шаардык кеңештин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 16 токтомун Кербен шаардык кеңеши карап жана талкуулап IX-чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы

 

  ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.    Кербен шаарынын тургуну Кербен шаарына социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыгын жана көп жылдык эмгектерин эске алып «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы Туманбаев Каныбек Тургунбековичке берилсин: 

 

2.    Кербен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилери менен камсыз кылуу жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу

комиссиянын төраагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.

 

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы:

 

              А.Базарбаев