ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 15- сессиясы
ТОКТОМ
10.02.2026-жыл № 15-1
Ананьево айылындагы автобекетке тиешелүү жер тилкесин Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын балансына алуу жана муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин жана финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Ананьево айылындагы идентификациялык коду – 2-03-11-1001-0650 Токтогул көчөсүнүн №65 дарегинде жайгашкан автобекетке тиешелүү-1654 м² жер тилкесин акысыз негизде Ысык-Көл райондук прокуратурасынын 02.02.2026-ж.№А26/115-07-0015 ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуштамасынын негизинде Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына алынсын жана муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев