Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

                     ЖУСУП АБДРАХМАНОВ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

                                    Жергиликтүү кеӊеши                                        

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын

жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 16- сессиясы

 

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 25-марты № 16-1                              

 

 

              Ананьево айылынын башкы планын (Генплан) бекитүү жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 мыйзамынын 7-беренесинин 8-бѳлүгүнө ылайык  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1.      1.Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Ананьево айылынын башкы планы(Генплан) Тургородок жана Садыр Аке участокторун толук кошуу менен кабыл алынсын.

2.      2.Токтомду аткаруу жагы  айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевге  милдеттендирилсин.                                                                                                 3.Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.                                                                                   4.Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү,  отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү,  жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

         Төрага                                 А.Ш.Кыштобаев