ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-4
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жана ветеринария адисинин 2026-2030 -жылдар үчүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жана ветеринария боюнча адиси Б.К. Исмаиловдун стратегиялык планын угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жана ветеринария жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-2030-жылдар үчүн (Тиркеме №1) стратегиялык планы кабыл алынсын.
- Жайыттарды пайдалануу режими жана бузуу үчүн жоопкерчиликтин Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси” жана “Бузуулар жөнүндө кодексине” ылайык ички эрежелери бекитилсин.(Тиркеме №2)
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери жана ветеринария боюнча адисинин маалыматынын негизинде 2026-жылга ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн баалары тиркемеге (Тиркеме №3) ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери жана ветеринария боюнча адиси Б.К. Исмаиловго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун-энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев