ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-7
Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айылдарынын жашоочуларынын ичүүчү таза сууга болгон тарифи жөнүндө 2026-жылдын өткөрүлгөн коомдук угуу жыйынынын чечимин карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айылдарынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ичүүчү сууга түшкөн акча каражаты Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын бюджетине кириштелсин.
- Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
БЕКИТЕМ МАКУЛДАШЫЛДЫ Жусуп Абдрахманов айыл Жусуп Абдрахманов айыл
аймагынын жергиликтүү аймагынын айыл өкмөт башчысы кеңешинин төрагасы __________М.Б. Алиев __________А.Ш. Кыштобаев “_____”________2026-жыл “______”________2026-ж.
Малчылардын мал багуу акысы
№к/н | Малдын аттары | Баасы(сом) |
1 | Уй (биринчи айы) | 700 |
2 | Уй (кийинки айлары) | 600 |
3 | Кой (тузу, жайыт акысы ичинде) | 200 |
4 | Жылкы | 700 |
5 | Кулундуу бээ | 1000 |
Малдын жайыт акысы
№к/н | Малдын аттары | Төлөмү(сом) |
1 | Бодо мал | 100 |
2 | 1 жаштык бодо мал | 80 |
3 | Жылкы | 100 |
4 | Кой-эчки | 20 |