Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

                                    Жергиликтүү кеӊеши                                        

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын

жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 16- сессиясы

 

 

 

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 25-марты № 16-13                         

 

Туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

 

      Борбордук шайлоо комиссиясынын 16.02.2026-жылдын №1 чечимине  жана 10.03.2026жылдын №37 чечимине ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 13.10.2025-жылдагы №12-7 «Туруктуу комиссияларды бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пунктунун курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө төрага А.Ш.Кыштобаевдин сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

  1. Маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык  жактан  коргоо, санитардык-ветеринардык коопсуздук, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясы төмөндөгүдөй курамда өзгөртүлсүн:

-Орозакунов Джумадил- төрага

-Дюшебекова Жылдыз Аскербековна – орун басары

-Тынаева Канымкул Урбековна

-Сулайманова Кайыркул Шакировна

-Рыскелдиев Курманбек Рыскелдиевич

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, өзгөчө кырдаал боюнча, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

         Төрага               А.Ш.Кыштобаев