ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели № 17-6
Ананьево айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан таза суу чыгаруучу кудуктун(скважина) санитардык корук зонасы менен жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 8-бѳлүгүнө ылайык Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин маалыматын, сунушун угуп, талкуулап жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Ананьево айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан таза суу чыгаруучу кудуктун(скважина) санитардык корук зонасы менен аянты 2827м2(0.28га) жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.
- Токтомду аткаруу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев