Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 521 токтомуна) |
Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүүгө келишимди (мындан ары – келишим) түзүү тартибин;
2) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан жеке ассистенттин (мындан ары – жеке ассистент) кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тартибин;
3) келишимдин мазмунун, аны түзүү жана бузуу тартибин;
4) тараптардын келишимдин шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилигин;
5) жеке ассистенттин ишине мониторинг жүргүзүү тартибин.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
ыйгарым укуктуу орган – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
жеке ассистент – ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, балдары, неберелери), 65 жашка чейинки (ата-энесин кошпогондо), I топтогу майыптыгы жок жана балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулугу жок башка адамдар;
кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу – медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын башка адамдын туруктуу багуусуна муктаждыгы же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы жөнүндө корутундусу бар майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдар (18 жаштан жогору);
арыз ээси – башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө арыз берген адам.
3. Ушул Жобо төмөнкүлөргө колдонулат:
1) майыптыгы бар балдарга жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга (18 жаштан жогору) – менчигинин түрүнө карабастан интернат мекемелеринде жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;
2) ата-энеси же алардын бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон майыптыгы бар балдарга;
3) ата-энеси жарандыгы жок адамдар болгон, бирок Кыргыз Республикасында төрөлгөн жана туруктуу жашаган же жашап турууга уруксаты бар майыптыгы бар балдарга;
4) ата-энеси Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары болгон, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана жашап турууга уруксаты бар майыптыгы бар балдарга;
5) ата-энеси чет өлкөлүк жарандар болгон, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана жашап турууга уруксаты бар майыптыгы бар балдарга.
4. Ушул Жобо менчигинин түрүнө карабастан күнү-түнү болуу менен интернат тибиндеги мекемеде жашаган, башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар балдарга жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга (18 жаштан жогору) колдонулбайт.
5. Жеке ассистенттин башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуусу жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
6. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. Келишимди түзүү тартиби
7. Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы тарбиялаган жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) (мындан ары – майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) баккан ата-энеси, мыйзамдуу өкүлдөрү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар) же жакын туугандары (чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси), ошондой эле ата-энеси, мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жалданган адамдар өзү жашаган/келген жери боюнча же кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары – аймактык бөлүм) жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн берүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
8. Арызда арыз ээси менен майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) ортосундагы туугандык даражасы, ошондой эле майыптыгы бар баланын жана (же) адамдын жашоо шарты көрсөтүлүүгө тийиш.
Аймактык бөлүм тиешелүү мамлекеттик органдардан «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу зарыл болгон документтерди сурайт.
Арызга төмөнкү документтер (санариптик форматта) тиркелет:
1) арыз ээсине:
– саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген психикалык ооруларынын жок экендиги жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү;
– соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат (ата-энесинен тышкары);
– арыз ээси жашаган/келген жерден маалымкат;
– паспорттун (ID-карта) көчүрмөсү;
– банктагы алыш-бериш эсеби.
Эгерде ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү же жакын тууганы жеке ассистент катары башка адамды жалдоону суранса, анда ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын тууганынын атынан жазуу жүзүндөгү арыз берилет;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга:
– башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждык же башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждык жөнүндө көрсөтүү менен аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү, ошондой эле реабилитациялоонун жеке программасынын көчүрмөсү;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) паспортунун (ID-карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
9. Жеке ассистент майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча берилген кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
10. Аймактык бөлүм 5 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн, берилген документтердин негизинде ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзөт же арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги табылган учурда же арыз ээсине жеке ассистенттин функцияларын толук жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген арыз ээсинин иш режимине же жашаган жерине тиешелүү жагдайлар аныкталганда келишимди түзүүдөн баш тартат.
Жеке ассистент арыз ээси менен келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда аймактык бөлүм баш тартуунун негизделген себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине электрондук же жазуу жүзүндө кабарлайт.
11. Жеке ассистент түзүлгөн келишимге ылайык кызматтарды көрсөтөт.
12. Келишимди колдонуу мөөнөтү бир жылды түзөт. Эгерде бир жыл өткөндөн кийин мурда келишим түзүлгөн адам жеке ассистент катары калса, келишим дагы бир жылга узартылат. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучу макул болгон учурда келишимди узартууга болот. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтер эки жылда бир жаңыланат.
3-глава. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы
төлөө тартиби. Эсептөө тартибин бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
13. Жеке ассистентке акча каражаттары банк системасы аркылуу ай сайын накталай эмес формада төлөнөт.
Келишим түзүлгөн айдан кийинки айдан тартып жеке ассистентке акы төлөнөт.
Социалдык төлөмдөргө кошумча акынын райондук коэффициенти белгиленген бийик тоолуу жана алыскы калктуу конушта жашаган жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө өлчөмү коэффициентти эске албастан эсептелет.
14. Жеке ассистент бир эле убакта бир үй-бүлөдөн бир нече (эки жана андан ашык) майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан учурда, кызмат көрсөтүүлөргө акы ар бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу үчүн толук өлчөмдө төлөнөт.
15. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен сыртка убактылуу (6 айга чейин мөөнөткө) чыгып кеткен учурда жеке ассистент чыгып кеткенге чейин 5 күн мурда аймактык бөлүмгө кабарлоого милдеттүү. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүлөргө акы ушул Жобого ылайык төлөнөт.
Зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун медициналык көрсөткүчтөрү (6 айлык мөөнөт аяктаганга чейин саламаттык сактоо уюмунун маалымкаты менен ырасталган) боюнча жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө дагы 3 айга узартылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн мөөнөт (6 же 9 ай) аяктагандан кийин жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө токтотулган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу кайтып келгенден кийин жеке ассистент аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Өткөн мезгил үчүн кайрылган учурдан тартып кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө компенсациясыз кайрадан башталат.
Жеке ассистент убактылуу чыгып кеткен учурда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга башка жеке ассистент дайындалууга тийиш.
16. Төмөнкү учурларда төлөмдөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт:
– эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен сыртка чыгып кеткенде жана ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кайтып келбегенде;
– медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
– башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) муктаждыгы аныкталган мөөнөт аяктаганда;
– келишимди колдонууну токтотууга алып келген жагдайлар келип чыкканда.
17. Эгерде ашыкча төлөм аймактык бөлүмдүн күнөөсүнөн улам төлөнсө, жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын ашыкча төлөнгөн суммалары аймактык бөлүмдүн жетекчисинин чечими боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн суммалар ашыкча төлөө фактысы аныкталган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен кайтарылууга тийиш.
18. Жеке ассистент тарабынан анык эмес маалыматтарды жана документтерди берүүнүн натыйжасында жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акынын ашыкча төлөнгөн суммалары аныкталган учурда көрсөтүлгөн суммалар жеке ассистент тарабынан кайтарылууга тийиш. Жеке ассистент кайтаруудан баш тарткан учурда көрсөтүлгөн суммалар сот тартибинде өндүрүп алынат.
19. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акыны мыйзамсыз дайындоого жол берген же келишим түзүү боюнча документтерди тариздөөнү атайылап кечиктирген аймактык бөлүм жана анын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Келишимдин тараптарынын укуктары
жана милдеттери
20. Жеке ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күн тартибин өз алдынча аныктоого, майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
2) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле аймактык бөлүмдүн мыйзамсыз аракеттерин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
3) майыптыгы бар балага жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамга (18 жаштан жогору) сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тоскоол болбогон кошумча иш менен алектенүүгө.
Эгерде жеке ассистент катары ата-энесинен, мыйзамдуу өкүлүнөн же жакын туугандарынан башка адам аныкталган учурда күн тартибин жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жашоо-тиричилигин аныктоо боюнча маселелер алар менен макулдашылып чечилет.
21. Жеке ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген окуу программасына ылайык майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча көндүмдөргө милдеттүү базалык окуудан өтүүгө;
2) майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) сапаттуу жана ак ниеттүүлүк менен багууну жана камкордук көрүүнү камсыз кылууга;
3) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын врач-эксперттери тарабынан иштелип чыккан майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) реабилитациялоонун жеке планында көрсөтүлгөн медициналык талаптарды так сактоого;
4) майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча медициналык талаптарды сактоого, медициналык документтерге (майыптыгы бар баланын жана (же) адамдын өнүгүшүнүн амбулаториялык картасы, көчүрмө эпикриз, врачтын корутундусу жана башка медициналык документтер) ылайык үй-бүлөлүк врачтын жана башка медициналык адистердин дайындоолорун аткарууга;
5) майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде үй шартында жана үйдөн тышкары (көчөдө, медициналык, билим берүү жана башка мекемелерде) коштоп жүрүүгө;
6) майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) коомго интеграциялоого жана социалдык адаптациялоого бардык күч-аракетин жумшоого;
7) келишимдин жана ушул Жобонун шарттарын сактоого;
8) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын талабы боюнча майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) үчүн жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыгын ырастоо/алып салуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуну текшерүүдөн өткөрүүнү камсыз кылууга.
22. Жеке ассистент келишимде жана ушул Жободо каралган өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
23. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн ак ниеттүүлүк менен аткарылгандыгын ырастоочу кошумча маалыматтарды жана документтерди суроого, зарыл болгон учурда майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан адам жөнүндө маалыматты кошуналарынан, туугандарынан жана башка адамдардан суроого;
2) келишимдин шарттары бузулган учурда аны бир тараптуу бузууга.
24. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан жеке ассистенттерди эсепке алууга;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген программа боюнча майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке ассистенттерди окутууну уюштурууга. Жеке ассистенттерди окутуу аймактык бөлүмдөрдүн адистери тарабынан, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдарды тартуу аркылуу жүргүзүлөт;
3) майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) түзүлгөн келишимге ылайык жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн ыйгарым укуктуу органга өз убагында өтүнмөнү жиберүүгө;
5) квартал сайын жеке ассистенттин ишине жана майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) реабилитациялоонун жеке планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө, ал эми зарыл болгон учурда башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын ырастоо/алып салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын тизмелерин жиберүүгө;
6) келишимдин жана ушул Жобонун шарттарын сактоого;
7) жеке ассистенттер үчүн каражаттарды которуу аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдү салык органынын бирдиктүү казыналык эсебине өз убагында төлөөгө, ошондой эле салык мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү отчетту өз убагында берүүгө;
8) жеке ассистенттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө, төлөөгө жана отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен райондук салык башкармалыктарына киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) тапшырууга.
5-глава. Келишимди колдонууну токтотуу
25. Келишимди колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) менчигинин түрүнө карабастан күнү-түнү болуу менен интернат тибиндеги мекемеге же социалдык стационардык мекемеге жайгаштырылганда;
3) ата-энелик укуктарынан ажыратканда же ата-энелик укуктарын чектегенде, баланы багып алган үй-бүлөдөн алып койгондо, камкордук же көзөмөлдүк укуктары токтотулганда;
4) майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) абалы жакшырганда, айыкканда;
5) эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жеке ассистент же жеке ассистенттин күнөөсүнөн улам башка адам тарабынан физикалык жана (же) психикалык, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө кабылганда;
6) келишимдин шарттары сакталбаганда;
7) жеке ассистент майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөн ыктыярдуу баш тартканда;
8) майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) каза болгондо же жеке ассистент каза болгондо;
9) майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) жеке ассистент тарабынан келишим түзүлгөн аймактык бөлүмдүн жоопкерчилигиндеги райондун чегинен тышкары жаңы жашаган жерге көчкөндө;
10) келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда;
11) жеке ассистенттин ден соолугу начарлаганда;
12) медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан аныкталган майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгынын мөөнөтү аяктаганда же башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы алып салынганда.
Жаңы жашаган жери боюнча келишим ушул Жобого ылайык түзүлөт.
Жеке ассистент келишимди токтотуу үчүн негиз болгон окуянын болгондугу жөнүндө аймактык бөлүмгө 5 жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
26. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими шарттарында көрсөтүлгөн режим иштеген мезгилде аяктаган келишимди колдонуу мөөнөтү ушул Жобонун 25-пунктунун 3–5, 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ал жокко чыгарылган айдан кийинки айдын аягына чейин узартылат.
6-глава. Жеке ассистенттин ишине мониторинг жүргүзүү
27. Аймактык бөлүм кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жашаган жери боюнча жеке ассистенттин ишине мониторинг жүргүзөт.
Жеке ассистенттин ишине мониторинг аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт:
1) ай сайын – аймактык бөлүм менен келишим түзүлгөн күндөн тартып биринчи үч айдын ичинде, эгерде жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн башка адам көрсөтсө; кийин – квартал сайын;
2) квартал сайын – эгерде жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү же жакын туугандары көрсөтсө;
3) пландан тышкары – жазуу жүзүндө, оозеки же тоголок арыздар жана даттануулар түшкөндө.
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери жеке ассистенттин иши жөнүндө отчет түзөт.
29. Отчетто майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) ден соолугунун абалы, эмоционалдык жана жүрүм-турумдук өнүгүшү, тышкы келбети, үй-бүлөсү менен өз ара мамилеси тууралуу маалыматтар жана реабилитациялоонун жеке планын аткаруунун натыйжалары, ошондой эле андан ары багуу же аныкталган бузууларды четтетүү боюнча сунуштар чагылдырылат.
30. Майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча отчет контролдук текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде таризделет, контролдук текшерүү жүргүзгөн кызматкер тарабынан кол коюлат жана аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Отчет эки нускада түзүлөт: бир нускасы жеке ассистентке отчет бекитилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун өздүк делосунда сакталат.
31. Мониторингдин жүрүшүндө майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) абалы байкаларлык жакшырганы аныкталган учурда, аймактык бөлүм Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын ырастоо/алып салуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын тизмесин берет.
Майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан, ошондой эле келип түшкөн арыздардын жана даттануулардын негизинде бекитилген тартипте каралат/кайра каралат.
32. Типтүү документтердин, арыздардын, отчеттордун үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
|
| Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды
(18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке
ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө
типтүү келишим
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн атынан, мындан ары аймактык бөлүм деп аталуучу
____________________________________________________________,
(аты-жөнү)
жана мындан ары жеке ассистент деп аталуучу
____________________________________________________________,
(аты-жөнү)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түздү.
1. Келишимдин предмети
1. Кызмат көрсөтүү келишими боюнча жеке ассистент майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору)
____________________________________________________________
(кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун аты-жөнү)
багуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат.
2. Майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) төмөнкү оорулар менен ооруйт:
____________________________________________________________
3. Үй-бүлө мүчөлөрү:
____________________________________________________________
(үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү)
4. Майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) камкорчусу болуп:
___________________________________________________ эсептелет.
(аты-жөнү)
5. Майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) турак жай шарттары:
____________________________________________________________
____________________________________________________________
6. Жеке ассистент аймактык бөлүмгө ушул келишимде аталган кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми аймактык бөлүм көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөөгө милдеттенет.
7. Келишимдин мөөнөтү жана аны токтотуу шарттары ушул келишимдин 3-главасында көрсөтүлгөн.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
8. Жеке ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:
– күн тартибин өз алдынча аныктоого, майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
– өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аймактык бөлүмдүн мыйзамсыз аракеттерине даттанууга.
9. Жеке ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген окуу программасына ылайык майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча базалык окуудан өтүүгө;
– майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) сапаттуу жана ак дилден багууну жана камкордук көрүүнү камсыз кылууга;
– медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын эксперт врачтары тарабынан иштелип чыккан майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) реабилитациялоонун жеке планында көрсөтүлгөн медициналык талаптарды так сактоого;
– майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча медициналык талаптарды сактоого, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, тар чөйрөдөгү адистердин дайындоолорун медициналык документтерге (өнүгүшүнүн амбулатордук картасы, көчүрмө эпикриз, дарыгердин корутундусу ж.б.) ылайык аткарууга;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) өз убагында тамактануусун камсыз кылууга;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) гигиенасынын жана уйкусунун бардык зарыл болгон талаптарын сактоого;
– зарыл болгон учурда баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде үйдө жана үйдөн тышкары (көчөдө, медициналык, билим берүү жана башка мекемелерде) коштоп жүрүүгө;
– майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) коомго интеграциялоого жана социалдык адаптациялоого бардык күч-аракетин жумшоого;
– аймактык бөлүмдүн талабы боюнча майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча жумушундагы кемчиликтерди оңдоого;
– ушул келишимдин шарттарын сактоого;
– кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен тышкары убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда, чыгып кетүүгө чейин 5 күн калганда бул тууралуу аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;
– медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын талабы боюнча майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыгын ырастоо/алып салуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуну күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү камсыз кылууга.
10. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
– майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан жеке ассистенттердин эсебин жүргүзүүгө;
– ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген программа боюнча майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке ассистенттер үчүн окутууну уюштурууга;
– Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын жана ушул келишимдин негизинде майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
– жеке ассистент тарабынан аткарылган жумушту текшерүүгө, эгерде жеке ассистент ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү же жакын тууганы болсо – белгиленген тартипте, эгерде жеке ассистент башка адам болсо – каалаган башка убакытта;
– жеке ассистенттин ишине жана майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) реабилитациялоонун жеке планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгын ырастоо/алып салуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын тизмелерин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборуна жөнөтүүгө;
– зарыл болгон учурда майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан адам жөнүндө маалыматты кошуналарынан, туугандарынан жана башка адамдардан суроого;
– жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнү кошуп эсептөөнү өз убагында уюштурууга;
– ыйгарым укуктуу органга жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөө боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алууну жана отчетторду белгиленген тартипте берүүгө;
– ушул келишимдин шарттары бузулган учурларда аны бир тараптуу тартипте бузууга;
– жеке ассистенттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө жана отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен райондук салык органдарына киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту (FORM STI-161) тапшырууга.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана токтотуу шарттары
11. Ушул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жылдын ичинде колдонулат. Эгерде жыл өткөндөн кийин жеке ассистент катары келишим түзүлгөн адам кала берсе, келишим дагы бир жылга узартылат.
12. Келишимди бузуу үчүн негиздер:
– келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
– майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) менчигинин түрүнө карабастан интернаттык типтеги мекемеге же күнү-түнү болуучу социалдык стационардык мекемеге жайгаштыруу;
– майыптыгы бар баланы интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштыруу;
– жеке ассистенттин ата-энелик укуктан ажыратылышы же ата-энелик укуктарынын чектелиши же баланын багып алган үй-бүлөдөн алынышы, же камкорчулук, же көзөмөлчүлүк укуктардын токтотулушу;
– кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун каза болушу же жеке ассистенттин каза болушу;
– майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адам (18 жаштан жогору) жеке ассистент тарабынан же жеке ассистенттин күнөөсү боюнча башка адам тарабынан физикалык жана (же) психикалык, ошондой эле башка түрдөгү зомбулукка дуушар болсо;
– келишимдин шарттарынын сакталбашы;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) аймактык бөлүмдүн жоопкерчилигинде болгон райондун чегинен тышкары жаңы жашай турган жерге көчүп кетиши;
– жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүдөн ыктыярдуу баш тартышы;
– жеке ассистенттин ден соолугунун начарлашы;
– ушул келишимдин мөөнөтүнөн мурда бузулушу;
– кызматтар көрсөтүлбөгөндүгү;
– медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждык алып салынышы;
– кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын талабы боюнча майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна муктаждыгын ырастоо же алып салуу үчүн милдеттүү кошумча күбөлөндүрүүдөн өтпөгөндүгү;
– жеке ассистенттин кошумча иши майыптыгы бар балага жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамга (18 жаштан жогору) сапаттуу кызмат көрсөтүүгө тоскоол болгон учурда.
13. Жеке ассистент 5 жумуш күндүн ичинде келишимди токтотуу үчүн негиз болгон учурдун келип чыгышы тууралуу аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
4. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
14. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмү ___________________________________________ сомду түзөт.
(суммасы жазуу жүзүндө)
15. Кызмат көрсөтүүлөргө жана мамлекеттик камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерге акы төлөө аймактык бөлүм тарабынан жеке ассистенттин жана салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен жүргүзүлөт.
16. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен тышкары убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда, эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктай элек болсо, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун медициналык көрсөткүчтөрү боюнча зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө 3 айга узартылышы мүмкүн.
17. Жеке ассистент республиканын чегинен тышкары чыгып кеткендиги жөнүндө билдирбесе, бул тууралуу мониторинг жүргүзүүдө аныкталган учурда, акы төлөө токтотулат.
18. Эгерде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жана жеке ассистент Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайтып келбесе, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө токтотулат.
19. Төмөнкү учурларда жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө жүргүзүлбөйт:
– медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
– ушул келишимди колдонууну токтотууга алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда;
– майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы аныкталган мөөнөт аяктаганда.
5. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
20. Ушул келишимдин талаптарын аткаруу процессинде тараптардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар макулдашылган чечимди иштеп чыгуу максатында алар пайда болгондон кийин 10 жумуш күндүн ичинде тараптар тарабынан каралат, ал эми макулдашууга жетишилбесе, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Корутунду жоболор
21. Ушул келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада түзүлдү. Эки нускасы тең окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ. Тараптардын ар биринде ушул келишимдин бирден нускасы болот.
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси _________________________ _________________________ (аты-жөнү, колу) | Жеке ассистент
_______________________ _______________________ (аты-жөнү, колу) |
(мөөрү)
Тараптардын даректери:
_________________________ ________________________
_________________________ ________________________
_________________________ ________________________
20___-жылдын «___» __________