ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели № 17-9
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү демилгелердин долбоорлорун кошумча каржылоо жөнүндө
Жергиликтүү демилгелерди колдоо жана ишке ашыруу үчүн финансылык каражат бөлүүнү уюштуруу жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди колдоо, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону ишке ашыруу максатында Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча сынак өткөрүү жарыялансын.
- Сынактын жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 300000(үч жүз миң)сом финансылык каражат бөлүүнү камсыздоо жагы финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Токтомду аткаруу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевге жана ФЭБ башчысы З.М.Аттоевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Ш. Кыштобаев