Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

                                 Жергиликтүү кеӊеши                                        

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын

жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 17- сессиясы

 

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 10-апрели № 17-10                            

 

Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын

бекитүү жөнүндө

 

     Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттын уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдагы тиешелүү буйругунун негизинде Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

  1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Типтүү уставдын негизинде тиркемеге ылайык бекитилсин.

Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнө:

-бекитилген Уставды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

-Уставдын талаптарын иш жүзүндө аткарууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук иштер жүргүзүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.
  3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

         Төрага                 А.Ш. Кыштобаев