ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 17- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрели № 17-12
Орто-Өрүктү айылында жайгашкан Медпункту(ФАП) муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып жана Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Орто-Өрүктү айылында жайгашкан медпункт (ФАП) аянты 113.91м2 жер тилкеси менен муниципалдык менчикке алынсын.
- Токтомду аткаруу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев