Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 130
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7–8, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөр.»;
2) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
«71) маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөр – менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүнө кирбеген жана расмий статистиканын максаттарында пайдаланылышы мүмкүн болгон санариптик маалыматтардын массивдерине ээ болгон юридикалык жактар;»;
3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
«8) маалыматтарды топтоо процессинин натыйжалуулугу жана респонденттерге административдик маалыматтарды артыкчылыктуу пайдаланууну жана мамлекеттик органдар тарабынан бирдей маалыматты топтоонун кайталанышын болтурбоону караган жүктөмдү минималдаштыруу.»;
4) 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4-глава. Улуттук статистика тутумун координациялоо жана расмий статистиканы пландоо
12-берене. Улуттук статистика тутумун координациялоо
1. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр бир түрдүү, эл аралык деңгээлде макулдашылган түшүнүктөрдү, аныктамаларды, классификаторлорду жана усулдарды пайдаланууга тийиш.
2. Улуттук статистика комитети аларды улуттук статистика тутумунун алкагында колдонуу практикасын координациялоону жүзөгө ашырат, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр менен маалыматтарды жеткирип берүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле расмий статистиканын сапатына, макулдашылгандыгына жана салыштыруучулугуна карата талаптардын сакталышына контролду жүзөгө ашырат.
13-берене. Расмий статистиканы пландоо
1. Расмий статистиканы пландоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын;
2) Статистикалык иштердин планынын;
3) Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графигинин.
2. Расмий статистиканы пландоо документтери стратегиялык жана операциялык башкарууну, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин координациялоону, статистикалык иштердин макулдашылгандыгын камсыз кылат, ошондой эле расмий статистиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктайт.
3. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы орто мөөнөттүү мезгилге улуттук статистика тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.
4. Статистикалык иштердин планы статистикалык байкоолордун, изилдөөлөрдүн, статистикалык көрсөткүчтөрдүн, статистикалык продукциянын, маалымат булактарынын тизмегин, расмий статистикалык маалыматтарды берүү жана жайылтуу мөөнөттөрүн, ошондой эле расмий статистиканы жоопкерчиликтүү жүргүзүүчүлөрдү аныктайт.
5. Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графиги Улуттук статистика комитети тарабынан жүзөгө ашырылуучу статистикалык иштерди аткаруунун, расмий статистикалык маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун мөөнөттөрүн аныктайт.
6. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын жана Статистикалык иштердин планынын долбоорлору Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыгат жана Статистика боюнча кеңешке кароо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн жиберилет.
7. Улуттук банкына тиешелүү расмий статистиканы пландоо документтеринин пункттары Статистика боюнча кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн гана берилет.
8. Статистикалык иштердин планына киргизилбеген статистикалык иш-чаралар кошумча каржылоонун булактары болгондо аткарылат.
14-берене. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы
1. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы расмий статистика чөйрөсүндөгү стратегиялык пландоонун документи болуп саналат.
2. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы беш жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) улуттук статистика тутумун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
2) расмий статистиканы өнүктүрүүнүн максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын;
3) статистикалык ишти өркүндөтүү боюнча негизги чараларды;
4) программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарга болгон керектөөлөрдү.
3. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
15-берене. Статистикалык иштердин планы
1. Статистикалык иштердин планы расмий статистика чөйрөсүндөгү операциялык пландоонун негизги документи болуп саналат.
2. Статистикалык иштердин планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) статистикалык байкоолордун, изилдөөлөрдүн, экономикалык жана ресурстук баланстардын тизмегин;
2) жыйынтыктоочу статистикалык көрсөткүчтөрдүн жана статистикалык продукциянын тизмегин;
3) маалыматтарды берүү мөөнөттөрүн жана статистикалык маалыматты жайылтуу мөөнөттөрүн;
4) расмий статистиканы жоопкерчиликтүү жүргүзүүчүлөрдү;
5) колдонулган маалымат булактарын, анын ичинде административдик маалыматтарды.
3. Статистикалык иштердин планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Статистикалык иштердин планына өзгөртүүлөр Улуттук статистика комитетинин демилгеси боюнча статистикалык, анын ичинде статистикалык көрсөткүчтөрдү, усулдарды жана маалымат булактарын актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.
5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана административдик маалыматтарды башка жеткирип берүүчүлөр Улуттук статистика комитетине маалыматтарды Статистикалык иштердин планында каралган тартипте, көлөмдө, форматтарда, ошондой эле мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
6. Статистикалык иштердин планын даярдоо, макулдашуу, бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
151 -берене. Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графиги
1. Статистикалык иштердин графиги статистикалык иштерди аткаруунун тизмегин, ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн аныктоочу Улуттук статистика комитетинин операциялык пландоосунун ички документи болуп саналат.
2. Статистикалык иштердин графиги Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын жана Статистикалык иштердин планын ишке ашыруу максатында иштелип чыгат.
3. Статистикалык иштердин графиги Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилет.»;
5) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18-берене. Административдик жана жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүк жана алардын пайдаланылышы
1. Расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр) расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө туруктуу негизде жана өз убагында акысыз берүүгө милдеттүү:
– өздөрүнүн карамагында турган административдик маалыматтарды расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон көлөмдө жана деталдаштыруу деңгээлинде, анын ичинде зарыл болгон учурда идентификаторлор бар жекече маалыматтарды артыкчылыктуу түрдө интеграцияланган маалыматтык тутумдары же болбосо маалыматтарды берүүнүн башка корголгон каналдары аркылуу макулдашылган форматтарда;
– метамаалыматтарды, анын ичинде статистикалык максаттар үчүн маалыматтардын сапатын жана жарамдуулугун баалоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды топтоо жана баштапкы иштеп чыгуу методологиясы жөнүндө маалыматтарды.
2. Маалыматтарды жаңыдан топтоо пландалган, же болбосо берилүүчү маалыматтардын сапатына, көлөмүнө же өз убагында берилишине таасир этүүсү мүмкүн болгон аларды топтоо же иштетүү жол жоболору кайра каралган учурда административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр Улуттук статистика комитети менен, ал эми зарыл болгон учурда расмий статистиканын башка жүргүзүүчүлөрү менен алдын ала консультацияларды жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Ушул беренеге ылайык алынган административдик жана жеке маалыматтар расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр тарабынан статистикалык максаттарда гана жана ушул Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген принциптерге ылайык пайдаланылат.
4. Расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр жеке жеткирип берүүчүлөрдүн маалыматтарын эки тараптуу макулдашуунун негизинде сурап алууга жана пайдаланууга укуктуу, анда төмөнкүлөр аныкталат:
– берилүүчү маалыматтардын көлөмү, курамы жана форматы;
– маалыматты ээсиздендирүү жана коргоо тартиби;
– маалыматтарды пайдалануунун максаттары жана чектөөлөрү;
– маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү жана жок кылуу тартиби;
– жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоого жол бербөө боюнча чаралар;
– жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо милдети.
5. Административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибине ылайык расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө баштапкы маалыматтардын анык, толук жана өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Улуттук статистика комитети улуттук статистика тутумунун алкагында административдик жана жеке маалыматтарды пайдаланууну координациялоону жүзөгө ашырат.»;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 181-берене менен толукталсын:
«181-берене. Расмий статистика максатында ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү
1. Маалыматтарды топтоодо натыйжалуулук принцибин ишке ашыруу, маалыматтардын кайталанышын болтурбоо жана респонденттерге болгон жүктөмдү азайтуу максатында расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр менен административдик маалыматтарды жеткирип берүүчүлөрдүн ортосунда ведомстволор аралык маалыматтык милдеттүү өз ара аракеттенүү камсыздалат.
2. Ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби административдик маалыматтарды кызыкдар жеткирип берүүчүлөр менен макулдашылган Улуттук статистика комитетинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдардын маалымат системаларында маалыматтарды топтоодо жана иштетүүдө жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүдө статистикалык стандарттарды (улуттук жана эл аралык классификаторлорду, ошондой эле башка колдонулуучу стандарттарды) пайдалануу боюнча ишти координациялайт жана административдик маалыматтарды расмий статистикада пайдаланууну методологиялык коштоону камсыз кылат.»;
7) 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Жеке маалыматтарды камтыган статистикалык маалыматты топтоо, сактоо жана иштетүү тартиби жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.»;
8) 22-берененин 2-бөлүгү «жеке маалыматтар» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөрдөн алынган маалыматтар» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
– ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |