ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 18- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-апрели № 18-4
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Органикалык айыл чарба күнүн” майрамдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин маалыматын угуп, иштелип чыккан иш планын карап чыгып, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн”майрамдоого карата 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш. Кыштобаев