Редакцияот 25.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

 

2021-жылдын 25-майындагы № 2-1

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын “Айбек-Нуру” балдар бакчасына Айбек айылынын тургуну ардагер Шарипов Жоробек агайдын атын ыйгаруу жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-январындагы чогулушундагы “Айбек-Нуру” балдар бакчасына аталган айылга биринчи жолу мектеп курдуруп, директор болуп, 30 (отуз) жыл ошондой эле орун басары болуп 10 (жыл)иштеп “Кыргыз ССРинин агартуу отличниги”, “Эмгек Ветераны”, Кыркол айылдык советинин депутаты, Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” ардагер тургуну Шарипов Жоробек агайдын атын ыйгаруу жөнүндөгү 2021-жылдын 25-майындагы айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясынын протоколун карап Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-январындагы элдин суранычы жана “Айбек-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кезексиз жамаатынын чогулушунун №4 протоколу колдоого алынсын.

2.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылындагы “Айбек Нуру” балдар бакчасына Шарипов Жоробек агайдын атын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча” комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Ж.Назаров