Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 17-июлу № 112
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- заманбап инновациялык технологияларды, техникалык каражаттарды түзүүнү жана аларды маданият чөйрөсүнө практикалык жайылтууну;
- маданият жаатындагы илимий изилдөөлөрдү;";
2) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Социалдык-чыгармачылык заказдар
Чыгармачылык процесске өбөлгө түзүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар юридикалык жана жеке жактар үчүн төмөнкүлөрдү жаратууга чыгармачылык заказдарды берүүгө укуктуу:
- драмалык, музыкалык жана музыкалык-драмалык, адабий, көркөм, сүрөт, кинематографиялык жана театралдык чыгармаларды;
- кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын жана анын тилин, улуттук жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарды чагылдыруучу чыгармаларды;
- скульптуралык чыгармаларды, көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларын.";
3) 44-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44-берене. Эл аралык маданий алмашуулар
Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен эл аралык маданий алмашууларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Эл аралык маданий алмашуулардын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук маданий жана тарыхый-маданий борборлорду түзүү жана колдоо;
- маданият жана искусство жаатындагы кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана такшалмадан өткөрүү;
- маданий баалуулуктарды жана маданий жыргалчылыктарды биргелешип жаратуу;
- уникалдуу тарых жана маданият эстеликтерин калыбына келтирүү;
- маданий иш үчүн жаңы технологияларды, техникалык каражаттарды, жабдууларды түзүү жана жайылтуу;
- окуу программалары, методикалык материалдар жана окуу-илимий адабият менен алмашуу;
- Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн, эл аралык маанидеги фестивалдарды, гастролдорду, көргөзмөлөрдү жана маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
Маданият уюмдары чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен маданият чөйрөсүндө кызматташуунун кандай болбосун формасы жөнүндө келишимдерди (контракттарды) өз алдынча түзүүгө, тиешелүү эл аралык уюмдардын жана фонддордун ишине катышууга укуктуу.
Эл аралык маданий алмашууну жүзөгө ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдер менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |