Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 25-майындагы № 2-3
Айыл чарба багытындагы жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясын түзүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдында айыл чарба багытындагы жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин жана кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү типтүү берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-главасынын 19, 20, 21-беренелерине ылайык Т.Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдында айыл чарба багытындагы жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага түз берүү, аукцион аркылуу , конкурс түрүндө берүү боюнча төмөнкү курамдагы “Жер комиссиясы” түзүлсүн.
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы боюнча кирет
2. Н.Эшенкулов убактылуу жер адиси
3. М.Аматжанов айылдык кеңештин депутаты
4. Т. Маматов айылдык кеңештин депутаты
5. М.Бакиров айылдык кеңештин депутаты
6. Архитектура бөлүмүнүн өкүлү
7. Мамлекеттик кадастр бөлүмүнүн өкүлү
8. Ар бир айылдын айыл башчылары
9. М.Сатаров - айыл өкмөтүтүн юристи
10.Ш.Султанов – айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси
11.Д.Маликов - айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн бөлүм башчысы
2. Жер комиссиясына Жобонун негизинде мыйзамдуу иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Ж.Назаров |