Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-июну № 413
К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейин К.Жетимишбаев атындагы Тарых-санжыра жана этнография музейи деп кайра атоо жөнүндө
Музей мекемелеринин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейи К.Жетимишбаев атындагы Тарых-санжыра жана этнография музейи деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 8-2-пунктунда "К.Жетимишбаев атындагы Тарыхый-мекен таануу музейинин" деген сөздөр "К.Жетимишбаев атындагы Тарых-санжыра жана этнография музейинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
3) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ