Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 24-июлу № 125
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 142-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тергөөчү, судья, сот кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө башка кылмыш ишин бөлүп чыгууга укуктуу:";
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) алар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзгөн учурда бир же бир нече айыпталуучуга карата;
7) эгерде айыпталуучу жосунду акыл-эси жайында эмес абалда жасагандыгы же кылмыш жасагандан кийин психикалык бузулуулар менен ооруп калгандыгы аныкталса, айыпталуучуга карата.";
б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кылмыш ишин бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын, соттун токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларда же көчүрмөлөрдө бөлүп чыгарылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.
Документтердин түп нускалары болгон учурда алардын көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде иштин материалдарында түп нускалары көрсөтүлбөстөн документтердин көчүрмөлөрү гана бар болсо, мындай көчүрмөлөр күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
3. Кылмыш ишинин көлөмү чоң болгон же анын эпизоддору көп болгон учурларда кылмыш ишин бөлүп чыгууга, эгерде бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбесе, анын ичинде кылмыш ишин тергөөнү аяктоо үчүн жол берилет.";
в) 4-бөлүктө "кылмыш ишинин материалдары" жана "Кылмыш ишинин бөлүнүп алынган материалдары" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "кылмыш иши" жана "Бөлүнүп алынган кылмыш иши" деген сөздөргө алмаштырылсын";
г) 6-бөлүктө "кылмыш ишинин материалдарын" деген сөздөр "кылмыш ишин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 142-1-берене менен толукталсын:
"142-1-берене. Кылмыш ишинен материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп чыгуу
1. Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө же иш сотто каралып жаткан учурда башка адам тарабынан жасалган, тергелип жаткан иш боюнча айыпталуучуга жүктөлгөн кылмышка байланышпаган жаңы кылмыш жөнүндө белгилүү болгон учурда, тергөөчү, судья, сот кылмыш ишинен сотко чейинки өндүрүштү баштоо, ошондой эле белгилүү болгон кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоо жана тергөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды ушул Кодекстин 148-151-беренелеринде каралган тартипте бөлүп чыгарат.
2. Кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу тергөөчүнүн, судьянын, соттун токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Токтомго түп нускаларда же көчүрмөлөрдө бөлүп чыгарылуучу материалдардын тизмеги тиркелүүгө тийиш.
Документтердин түп нускалары болгон учурда алардын көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде иштин материалдарында түп нускалары көрсөтүлбөстөн документтердин көчүрмөлөрү гана бар болсо, мындай көчүрмөлөр күбөлөндүрүлүүгө тийиш эмес.
3. Тергөөчү кылмыш ишинен материалдарды бөлүп чыгуу жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизүүгө милдеттүү.";
3) 397-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "мүлкү камакка алынган адамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", даттанылып жаткан соттун чечиминин алардын мүлктүк укуктарына тиешелүү болгон бөлүгүндө башка адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 440-берененин 1-бөлүгүндө "укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына" деген сөздөр "мүлктүк укуктарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |