Редакцияот 07.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

 

 

                                                   ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 17 июну  29-23/3

 

 

Каракол шаарындагы “Ынтымак Арена” мекемесинин кызматкерлерине ʏстѳк акы жана кошумча тѳлѳмдѳрдʏ белгилѳѳ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарындагы “Ынтымак Арена” мекемесинин директорунун, 2026-жылдын 15-мартындагы чыг:№01-13/55 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлерди материалдык жактан кызыктыруу максатында, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын XXIII сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарындагы “Ынтымак Арена” мекемесинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жалпы кѳлѳмʏ 100% ѳлчѳмʏндѳ ай сайын ʏстѳк акы жана кошумча тѳлѳм 2026-жылдын 1 май айынан тартып белгиленсин.
  2. Каракол шаардык финансы башкармалыгы «Ынтымак Арена» мекемесине кошумча 1 штаттык бирдикти (техникалык тейлѳѳчʏ) ачуу менен, каржылоону мурда каралган Каракол шаарынын мэриясынын «Муниципалдык инспекциясы» муниципалдык мекемесине  каралган, 2026-жылдын сметасына ылайык камсыз кылсын жана 2026-жылга Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлʏктѳрʏнѳ тиешелʏʏ ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизсин.
  3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  4. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
  5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.

 

           Тѳрага                                      Таштанбек уулу Санжар