КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17 июну 29-23/6
“Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлк башкармалыгы жѳнʏндѳ” Жобосуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З. Абдысатаровдун, 2026-жылдын 15-майындагы чыг:№01-17/2377 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы №29-14/16 токтому менен кабыл алынган “Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлк башкармалыгы жѳнʏндѳ” Жобосуна ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ сунушталгандыгына байланыштуу, Каракол шаардык Кеңешининмыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаардык Кенешинин, 2025-жылдын 19-ноябрындагы №29-14/16 токтому менен бекитилген “Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлк башкармалыгы жѳнʏндѳ” Жобосуна тѳмѳнкʏдѳй ѳзгѳртʏʏлѳр киргизилсин:
· 1.10-пункту алынып салынсын.
- Токтомду аткаруу боюнча колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык бардык зарыл болгон иш-чаралар жʏргʏзʏлсʏн.
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар