Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 29-сентябры № 17

 

Кош булак аймагындагы Д.Жороев көчөсүндөгү мөмө жемиш багынын чыгыш жагында жайгашкан бош жаткан 9534,0 м2 жер тилкесинин максаттык багытын “Эс алуу багы” кылып өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык кеӊешинин муниципалыдк менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Кош булак аймагындагы Д.Жороев көчөсүндөгү мөмө жемиш багынын чыгыш жагында жайгашкан бош жаткан 9534,0 м2 жер тилкесинин максаттык багытын “Эс алуу багы” кылып өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча 04.08.2021ж. №01-14/443 чыгыш сандагы каты жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренеси жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндө Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кош булак аймагындагы Д.Жороев көчөсүндөгү мөмө жемиш багынын чыгыш жагында жайгашкан бош жаткан 9534,0 м2 жер тилкесинин максаттык багытын “Эс алуу багы” кылып өзгөртүүгө макулдук берилсин

 

2. Кош булак аймагындагы Д.Жороев көчөсүндөгү мөмө жемиш багынын чыгыш жагында жайгашкан бош жаткан 9534,0 м2 жер тилкесинин максаттык багытын “Эс алуу багы” кылып өзгөртүүнү мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:

 

К.Мадаминов