СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 18
Кош булак аймагындагы “Нооруз” балдар бакчасынын имаратынын (876,6м2) жана ага тиешелүү жер тилкелерин (4490м2) билим берүү комплексин (мектеп гимназия, балдар бакчасы) куруу үчүн пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык кеӊешинин муниципалыдк менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн Кош булак аймагындагы “Нооруз” балдар бакчасынын имаратынын (876,6м2) жана ага тиешелүү жер тилкелерин (4490м2) мектеп гимназия куруу үчүн пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 13.09.2021-ж. №1-14/498 чыгыш сандуу каты жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренеси жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош булак аймагындагы “Нооруз” балдар бакчасынын имаратынын (876,6м2) жана ага тиешелүү жер тилкелерин (4490м2) билим берүү комплексин (мектеп гимназия, балдар бакчасы) куруу үчүн пайдаланууга макулдук берилсин
2. “Нооруз” балдар бакчасына тиешелүү жер тилкелеринин максаттык багыты билим берүү комплексин (мектеп гимназия, балдар бакчасы) куруу үчүн пайдалануусун көзөмөлдөө жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: |
| К.Мадаминов |