СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 19
Сүлүктү шаардык прокуратурасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы №11/950-21сандуу Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2012-жылдын 15-мартындагы 147 сандуу токтомунун 1-пунктуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө
Сүлүктү шаардык прокуратурасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы №11/950-21 сандуу Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2012-жылдын 15-мартындагы 147 сандуу токтомунун 1-пунктуна карата каршылык билдирүүсү жөнүндө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Тагаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2012-жылдын 15-мартындагы №147 сандуу “Сүлүктү шаарынын аймагындагы соода точкаларында жана коомдук тамактануу жайларында алкоголдук ичимдиктерин сатуу эрежелери жөнүндө” токтомунун 1 пункту күчүндө калтырылсын
2. Токтомдун көчүрмөсүн шаардык прокуратурага жиберүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: |
| К.Мадаминов |