Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз V сессиясы

 

 

2021-жылдын 29-сентябры № 20

 

П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясына 2036152 сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын Сүлүктү шаарынын П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111статьясына 2036152 сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Сүлүктү шаардык мэриясынын 2021-жылдын 27-сентябрындагы №01-12/14-1210 чыгыш сандуу каты жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаарынын П.Кулматов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111статьясына 2036152 (эки миллион отуз алты мин бир жүз элүү эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгына жүктөлсүн

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

Төрага:

 

К.Мадаминов