КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 24 июнун 29-24/3
Каракол шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳ
«Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуш кылынган талапкерлер боюнча материалдарды талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
- «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын ѳнʏгʏʏсʏнѳ зор салым кошкондуктары ʏчʏн тѳмѳнкʏ атуулдарга ыйгарылсын:
· Абдуллаев Сайфулла Нурмухамедович
· Кененсаров Эльдияр Элеманович
· Мухамеджанов Рыскул Камалович
· Мүсүрбаева Токтобүбү Мусаевна
- Кабыл алынган токтомдун негизинде,Каракол шаарынын күнүнө карата, Каракол шаардык Кенеши жана Каракол шаарынын мэриясы, жогоруда аталган жарандарга, «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳгʏ биргелешкен токтомуменен, кабыл алышсын.
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
- Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар