Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 3-чү кезектүү сессиясы

 

 

2021-жылдын 19-октябрындагы № 1

 

Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу карап чыгып айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөттүн 2021-жылга бекитилген бюджетине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;

-Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдарынын генералдык планын

жазатууга 250миң сом

-Ат-Башы райондук архив бөлүмүнө өткөрүлгөн жана өткөрүүчү

иш кагаздары үчүн 57миң 600сом

-Кында чек ара кызматына терезе алып берүүгө жардам 12миң сом

-Концелярдык товарларды алууга 15миң сом

-Кызматтык иш-сапарларга (командировочный) 15миң сом

-Кызыл-Туу айылына трансформатор алууга 315миң871 сом

-“Сезимтал” бала-бакчасына генератор, ростомер алууга 48миң 500сом

-К.Кермалиев мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу үчүн

Стим.грантка даярдоого иш-кагаздарына 55миң сом

-Кара-Булуң айылынын Кара-Талаа участогуна тосууга 128миң сом

-Кара-Булуң айылына трансформатор алууга 100миң сом

-Кара-Булуң айылдык китепканасына иш-чара өтүүгө 18миң 400сом

-Кара-Булуң кичи футбол аянтчасына килем алууга 72миң 976 сом

-А.Искендеров мектебине видео көзөмөл, прожектор, колонка

Микрофон алууга 100миң сом

Жалпы: 1млн 188миң 347сом

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчы Т.Исаковго, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Г.Кермакуновага тапшырылсын.

 

Төрага:

 

Б.Айыпов