Редакцияот 01.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Коңорчок айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

 

2021-жылдын 1-сентябрындагы № 9/9

 

Коңорчок айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук жайыт комитетинин бюджетине которуп берүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Коңорчок айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы Г. Молдобаеванын сунушун эске алып Коңорчок айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Коңорчок жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкɵн акчасын айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен жайыт комитетинин бюджетине толугу менен которулуп берилсин.

2. Коңорчок айыл ɵкмɵтүнүн 70629- разделиндеги 2222-статьясынан 90,0 миң. сомду, 70429-разделинин 2215- статьясына 90,0 миң.сом жылдырылсын.

3. Жайыт акыдан түшкɵн акча каражатын толук которуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы Г.Молдобаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

А.Курманбаев