КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 18-чакырылышынын 3-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-октябрындагы № 3/3
Кара-Суу айылындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратын жана Кара-Суу айылындагы К Абдылдаев атындагы айылдык клубунун имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоордун өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратын 3 600 000 (үч миллион алты жүз) сом жана Кара-Суу айылындагы К Абдылдаев атындагы айылдык клубунун имаратын 3 400 000 (үч миллион төрт жүз) сомго капиталдык ремонттон өткөрүүгө үлүштүк грантка жазылган долбоордун жалпы наркы 7 000 000 (жети миллион) сомду түзүп, бул сумманын 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кара-Суу айылдык Кеңешинин 3-кезектүү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын өздүк салым катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин. Тиешелүү иш кагаздарын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Б Мамытовго тапшырылсын.
Төрага: |
| Ж Иманкулов |