Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА
ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 23-июлу № 3-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин
2024-жылдын 1-сентябрындагы № 3-д “Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү
менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү
типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө”
буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы № 116 тескемесине ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 1-сентябрындагы № 3-д “Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегинде 1-15-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ | |||
1. | Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын кодекстери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аларга тиешелүү документтер (токтомдор, баяндамалар, корутундулар, аналитикалык маалымкаттар ж.б.): |
|
|
| а) кол коюлган жерде; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| б) башка уюмдарда | Зарылдыгы өткөнчө | Электрондук документтер |
2. | Мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар (Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана аларга тиешелүү документтер (маалымкаттар, жыйындылар, маалыматтар, баяндамалар ж.б.): |
|
|
| а) кабыл алынган (жарыяланган) жерде; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| б) башка уюмдарда | Зарылдыгы өткөнчө | Электрондук документтер |
3. | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Респбликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, мамлекеттик органдардын (ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуулардын) актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору жана аларга тиешелүү документтер (маалымкаттар, жыйындылар, маалыматтар, баяндамалар ж.б.): |
|
|
| а) кабыл алынган (жарыяланган) жерде; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| б) башка уюмдарда | Зарылдыгы өткөнчө | Электрондук документтер |
4. | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын макулдашылган долбоорлору жана аларга тиешелүү документтер (түшүндүрмө каттар, негиздеме- маалымкаттар ж.б.): |
|
|
| а) иштелип чыккан жерде; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| б) макулдашылган жерде | 3 жыл | Электрондук документтер |
5. | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессияларынын стенограммалары | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
6. | Депутаттардын фракцияларынын отурумдарынын стенограммалары, протоколдору | 5 жыл | Электрондук документтер |
7. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына киргизилген демилгелүү сунуштар, аларды иштеп чыгуу боюнча документтер (маалыматтар, маалымкаттар, корутундулар ж.б.) | 5 жыл ЭТУК | Электрондук документтер |
8. | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин тапшырмалары жана алардын аткарылышы боюнча документтер (каттар, маалымкаттар, корутундулар ж.б.): |
|
|
| а) тапшырмаларды даярдаган уюмдарда; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| б) аткаруу үчүн жоопту мамлекеттик органда (уюмда); | Туруктуу | Электрондук документтер |
| в) тең аткаруучу мамлекеттик органдарда (уюмдарда) жана башка уюмдарда | 5 жыл | Электрондук документтер |
9. | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо пландары (перспективдүү жана учурдагы): |
|
|
| а) бекитилген жерде; | 5 жыл | Электрондук документтер |
| б) иштелип чыккан жана макулдашылган жерде | 3 жыл | Электрондук документтер |
10. | Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери: |
|
|
| а) кабыл алынган (жарыяланган) жерде; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| б) башка уюмдарда | Зарылдыгы өткөнчө | Электрондук документтер |
11. | Уюмдун жетекчилигинин түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмалары жана алардын аткарылышы боюнча документтер (маалыматтар, кыскача каттар, корутундулар ж.б.) | 5 жыл | Электрондук документтер |
12. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору жана тескемелери, уюмдардын жетекчилеринин буйруктары жана тескемелери; аларга тиешелүү документтер (маалымкаттар, жыйындылар, маалыматтар ж.б.): |
|
|
| а) негизги (өндүрүштүк) ишмердүүлүк боюнча; | Туруктуу (1) | Кагаз түрүндөгү документтер. (1) Маалымат үчүн жиберилген – зарылдыгы өткөнчө |
| б) административдик-чарбалык маселелер боюнча; | 3 жыл | Электрондук документтер |
| в) өздүк курам (кабыл алуу (кызмат ордуна дайындоо), бошотуу (кызмат ордунан бошотуу) которуу, аттестациялоо, квалификациясын жогорулатуу, наамдарды (чендерди) ыйгаруу, сыйлоо, дем берүү, сый акы берүү, эмгек келишимдерин (контракттарын) узартуу, жаңы эмгек келишимдерин (контракттарын) түзүү, жалдоону контракттык түргө которуу, үстөк акы, кошумча төлөмдөрдү белгилөө, убактылуу орун басарлык, квалификациялык категорияларды, разряддарды, класстарды ыйгаруу, тарифтик маяналарды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөгө узак (бир айдан ашык) кызматтык иш сапарлар, кызматкерлердин аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө) боюнча | 60 жыл | Электрондук документтер
Ведомстволук сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик архивдерге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилет |
| г) эмгек өргүүлөрүн берүү, эмгек өргүүсүнөн чакыртып алуу, тартиптик жаза көрүү, нөөмөтчүлөрдү дайындоо, Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөгө кызматтык иш сапарлар, материалдык жардам көрсөтүү, квалификацияны жогорулатууга (кайра даярдоого, такшалууга) жиберүү жөнүндө | 3 жыл | Электрондук документтер |
13. | Уюмдун жетекчисинин буйруктарына жана тескемелерине негиздер (маалымкаттар, арыздар, кыскача каттар ж.б.) | 1 жыл (1) | Электрондук документтер (1) Өздүк курам боюнча тескөөчү документтерге арыздар - кагаз түрүндө |
14 | Уюмдун жетекчисинин буйруктарынын жана тескемелеринин аткарылышы боюнча документтер (маалымкаттар, отчёттор, кыскача каттар ж.б.) | 3 жыл | Электрондук документтер |
15. | Протоколдор, стенограммалар, аудиовизуалдык жазуулар, чечимдер жана аларга тиешелүү документтер (маалымкаттар, корутундулар, баяндамалар, жыйындылар, үзүндүлөр, ишеним каттар ж.б.): |
|
|
| а) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан чакырылуучу отурумдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңешме органдардын отурумдарынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отурумдарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын комитеттеринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу консультациялык- кеңешме органдардын отурумдарынын; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| в) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отурумдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу консультациялык-кеңешме органдардын отурумдарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| г) ишмердүүлүктөрдүн айрым түрлөрүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| д) уюмдардын комиссияларынын, кеңештеринин, кеңешме (коллегиалдуу) органдарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| е) мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын; | 60 жыл | Кагаз түрүндөгү документтер |
| ж) уюмдардын жумушчу топторунун, убактылуу комиссияларынын; | 5 жыл | Электрондук документтер |
| з) уюмдардын көзөмөлдөөчү, ревизиялоочу органдарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| и) уюмдардын илимий, эксперттик, усулдук, консультациялык органдарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| к) уюмдун жетекчисиндеги аппараттык (ыкчам) кеңешмелердин; | 5 жыл | Электрондук документтер |
| л) уюмдардын жамааттарынын чогулуштарынын; | Туруктуу | Электрондук документтер |
| м) уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кеңешмелеринин; | 3 жыл | Электрондук документтер |
| н) акционерлердин, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин, чарбалык шериктештиктердин уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) жалпы жыйындарынын; | Туруктуу | Кагаз түрүндөгү документтер |
| о) жарандар жыйындарынын | 5 жыл ЭТУК | Электрондук документтер |
”. | |||
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин архив иши сектору үч иш күндүн ичинде:
1) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 23-июлунда https://egov.kg/kg/ministry/digital/npa расмий сайтында жарыяланды
Министрдин м.у.а. | Омор уулу Айбек |