Редакцияот 03.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 3-августундагы № 01-13-187

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде (мындан ары – Спорт агенттиги) коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Спорт агенттигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерге байланыштуу учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча туруктуу негизде иш жүргүзүшсүн.

3. Спорт агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгы:

1) ушул буйруктун расмий жарыялангандыгын катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Спорт агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын;

2) ушул буйруктун расмий жарыялангандыгынан тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсүн жөнөтсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына маалымат үчүн жөнөтсүн.

4. Спорт агенттигинин документтер менен камсыз кылуу жана аткарылышты көзөмөлдөө бөлүмү Спорт агенттигинин бардык түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн бул буйрук менен электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) аркылуу тааныштырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 01-12-247 «Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Директор

 

У.С. Асанбаев

 

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин

«3» августундагы № 01-13-187 буйругуна

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдардын ТИЗМЕСИ

 

№

Мамлекеттик органдын/жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу)

Коррупция тобокелдиги бар учурлар жана жагдайлар (коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупция тобокелдиги-нин категориясы: системалык (чыныгы), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупция-лык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогору)

Структуралык бөлүмдүн аталышы (борбордук аппарат, аймактык же карамагындагы бөлүм, мекеме)

Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызматтар

Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдуулугу (бар болсо, органдарды көрсөтүү)

Функциянын түрү: Жөнгө салуу

1

Мамлекеттик, муниципалдык спорт мектептерине олимпиадалык резерв статусун белгиленген тартипте ыйгаруу

Статус ыйгаруу жөнүндө негизсиз оң корутунду кабыл алуу же конкреттүү спорттук мектептин кызыкчылыгында статус ыйгаруудан баш тартуу үчүн негизсиз тоскоолдуктарды түзүү

Системалуу

Төмөн

Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы

Директор, Директордун орун басары, Башкармалыктын начальниги

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

2

“Кыргыз Республикасы - нын Эмгек сиңирген машыктыруу – чусу”, “Кыргыз Республикасы - нын спортуна эмгек сиңирген чебер” спорттук наамдарын, ошондой эле “улуттук категориядагы калыс”, “Кыргыз Республикасы - нын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасы - нын эл аралык класстагы спорт чебери” спорттук наамдарын ыйгаруу жана ажыратуу

Кызыкчылыктардын кагылышуусунан, кызыкдар тараптардын мыйзамсыз таасиринен улам ардактуу спорт наамдарын, калыстык жана спорт наамдарын ыйгаруу же алып коюу боюнча негизсиз чечим кабыл алуу

Системалуу

Орто

Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмү

Директор, Директордун орун басары, Башкармалыктын начальниги,

Бөлүм башчысы

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

3

Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу иши менен алектенген адамдарды белгиленген тартипте эсептик каттоону жүргүзүү

Квалификациялык талаптарга жооп бербеген адамдарды каттоо, документтерди кароо жана чечимдерди даярдоо, мөөнөттөрүн жеке же башка кызыкчылыктардан улам негизсиз тездетүү же кечиктирүү, ойдон чыгарылган себептер менен каттоодон негизсиз баш тартуу

Системалуу

Төмөн

Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы

Директор, Директордун орун басары, Башкармалыктын начальниги, Жетектөөчү адис

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

                                                                                  Функциянын түрү: Көзөмөлдөө ишке ашыруу

4

Спортто допинг каражаттарын колдонууга каршы иш-аракеттерди жүргүзүү

Проба алуу, лабораториялык анализ жана жыйынтыктарды кароо процедураларына кийлигишүү аркылуу допингге каршы контролдун жыйынтыктарын бурмалоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле тыюу салынган заттарды колдонгондугунун белгилери бар болгон учурда айрым спортчуларга санкцияларды колдонуудан баш тартуу же жоопкерчиликти жеңилдетүү.

Системалуу

Жогорку

Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо бөлүмү, Спорт агенттигинин алдындагы “Улуттук антидопинг борбору” допингге каршы күрөшүү дирекциясы

Дирекциянын директору, методист (допинг инспектору)

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу

5

Бош кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервин түзүү

Талапкерлерди сынакка кабыл алуу, сынактын жыйынтыгын баалоо жана кызматка дайындоо боюнча сунуштарды түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышуусу, же сынак комиссиясынын мүчөлөрүнө мыйзамсыз таасир этүү, айрым талапкерлердин катышуусун негизсиз чектөө, айрым талапкерлер үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү, сынактын объективдүү өтүшү үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жашыруу, кызыкдар тараптын кызыкчылыгында квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү шарттарында чечим кабыл алуу

Системалуу

Жогорку

Конкурстук комиссиясы

Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ишине ушул коррупциялык тобокелдиктер тиешелүү болушу мүмкүн.

6

Ротация кылуу жана кызматтык жогорулоо

Белгиленген тартипте талапкерлерди кароо, квалификациялык талаптарга жооп берүүсүн баалоо, кызматтык ишмердүүлүгүн жана мыйзамдарда жана ведомстволук актыларда каралган башка критерийлерди карап чыгуунун негизсиз четке кагуу жолу менен белгилүү бир адамдын кызыкчылыгында которуу же кызматка көтөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу

Системалуу

Жогорку

Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгы

Директор, Директордун орун басары, Башкармалыктардын башчысы, Бөлүм башчылары

 

7

Кызматкерлерди стимулдоо (сыйлоо)

Кызматкерлерди сыйлоонун белгиленген критерийлерин жана тартибин бузуу менен сыйлоо жана сыйлоо жөнүндө чечимдерди айрым адамдарды негизсиз көрсөтүү, жеке кызыкчылыкта же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында кызматтык ишти баалоо критерийлерин тандап колдонуу жолу менен кабыл алуу

Системалуу

Жогорку

Конкурстук комиссиясы

Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ишине ушул коррупциялык тобокелдиктер тиешелүү болушу мүмкүн

Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу

8

Товарларды, жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды сатып алуу

Материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү үчүн товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты жасалма түрдө жогорулатуу, конкреттүү жеткирүүчүгө ылайык сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды түзүү, белгиленген жол-жоболордон жана чектик маанилерден өтүү максатында сатып алууларды майдалоо, сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен сатып алуучулардын аффилирленгендиги, келишимдин баасын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде кошумча келишимдерди негизсиз түзүү, келишимдин шарттарына иш жүзүндө туура келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жеткирүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузгандыгын жашыруу жана мыйзамда каралган чараларды көрбөө

Системалуу

Жогорку

Конкурстук комиссиясы

Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ишине карата ушул коррупциялык тобокелдиктер тиешелүү болушу мүмкүн.

9

Белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү

Окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө кеткен чыгымдар сметасын жасалма түрдө жогорулатуу, анын ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ашыкча баада сатып алуу, иш жүзүндө көрсөтүлбөгөн кызматтарды кошуу, спортчулардын саны жана жыйындардын узактыгы жөнүндө расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү аркылуу негизсиз материалдык пайда алуу

Потенциалдуу

Жогорку

Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмү, Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы, Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар, Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи, Региондук олимпиадалык резерв мектеби, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби, Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби

Бөлүм башчысы, Башкармалыктын начальниги

 

 

Директор, Директордун орун басары, Башкы бухгалтер, Методист, Машыктыруучу

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

10

Дене тарбия жана спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен өнүктүрүү

Курулушту, капиталдык оңдоону жана материалдык-техникалык камсыздоону пландаштырууда, белгилүү бир жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыгында, керектөөнү негизсиз түзүү, каржылоо объекттерин жана көлөмүн аныктоо, кийинчерээк конкреттүү жеткирүүчүнү (подрядчыны) аныктоо үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүүчү баштапкы документтерди жана техникалык талаптарды даярдоо аркылуу чечим кабыл алуу

Системалуу

Орто

Финансылык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, Мамлекеттик мекеме “Спорттук жайларды жана спорт менен камсыздоону башкаруу”

Бөлүм башчы, жетектөөчү адис

 

 

Директор, Директордун орун басары, Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис

Бул коррупциялык тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишине тиешелүү болушу мүмкүн

Функциянын түрү: Инвестицияларды жана гранттарды тартуу

11

Дене тарбия жана спорт маселелери боюнча программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо үчүн инвестициялар - ды жана гранттарды тартуу

Мамлекеттик менчикти белгилүү бир адамдардын кызыкчылыгында негизсиз жеңилдетилген же жеңил шарттарда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга бергенде инвесторлорго негизсиз артыкчылык берүү

Потенциалдуу

Орто

Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү

 

Директор, Директордун орун басары, Бөлүм башчы, Башкы адис

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик

Функциянын түрү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүү

12

Ден соолукту чыңдоо жана спорт максаттарында суузда сүзүү бассейндеринин кызматтарын көрсөтүү

Уюмдарга же адамдардын тобуна келүү убактысын резервдөө жолу менен артыкчылыктарды негизсиз берүү, акы төлөөнүн жеңилдетилген шарттарын берүү же болбосо жеке жана башка кызыкчылыктын натыйжасында белгиленген тартиптен тышкары кызмат көрсөтүү

Потенциалдуу

Орто

Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар,

 

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи, Спорттун

олимпиядалык оюн түрлөрү жана спорттук-

массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык”

дирекциясы

Директор, Директордун орун басары

Бул коррупциялык тобокелдик Спорт агенттигинин ишине тиешелүү

13

Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин залдарын, бөлмөлөрүн, ошондой эле жабдуулар, инвентарлар менен камсыз кылуу

Залдарды, бөлмөлөрдү, жабдууларды жана инвентарларды берүү наркын негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү,  жеке жана башка кызыкчылыктардан улам айрым адамдарга артыкчылыктуу шарттарды белгилөө

Системалуу

Жогорку

Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар,

 

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи, Спорттун

олимпиядалык оюн түрлөрү жана спорттук-

массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык”

дирекциясы

Директор, Директордун орун басары, Методист

Бул коррупциялык тобокелдик ГАФКСтин ишине тиешелүү

14

Спорттук аттарга ветеринардык жардам жана стационардык ветеринардык дарылоо көрсөтүү

Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын негизсиз жогорулатуу, кошумча жол-жоболорду киргизүү же болбосо жеке жана башка кызыкчылыктардын айынан айрым адамдарга артыкчылыктуу тейлөө көрсөтүү

Потенциалдуу

Төмөн

“Күлүк” адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби

Директор, директордун орун басары

Спорт агенттигинин ишине тиешелүү болгон коррупциялык тобокелдик

15

Спорттук аттарды окутуу жана даярдоо.

Спорттук аттардын айрым ээлерине тең шарттарда жана белгиленген тейлөө тартибинде башкаларга караганда жогорку сапаттагы даярдоо, кам көрүү, ветеринардык коштоо, машыгуу жана инфраструктураны колдонууну камсыз кылуу аркылуу негизсиз артыкчылыктарды түзүү, акы төлөнүүчү кызматтардын наркын негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү

Потенциалдуу

Төмөн

“Күлүк” адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби

Директор, директордун орун басары

Спорт агенттигинин ишине тиешелүү болгон коррупциялык тобокелдик

Функциянын түрү: Бюджетти түзүү, бөлүштүрүү жана аткаруу

16

Бюджеттик каражаттарды пайдаланууну ишке ашыруу

Бюджеттик каражаттарды пландаштырууда, бөлүштүрүүдө жана пайдаланууда, анын ичинде аларды максатсыз жана натыйжасыз сарптоодо, жеке же башка пайда көрүү үчүн жеке адамдардын жана уюмдардын кызыкчылыктарын лоббирлөөдө негизсиз чечимдерди кабыл алуу

Системалуу

Төмөн

Финансылык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү

 

Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар,

Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи,

адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби,

Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби

Директор, директордун орун басары, Бөлүм башчы, Башкы адис

 

Директор, директордун орун басары