Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-июлундагы № 500
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1, 6, 7, 9-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 "Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) чет өлкөдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактардын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөсүн эсептөө үчүн өткөн календардык жылдагы республика боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 729 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамада:
1) 2-пункттун 29-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 5-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2030-жылдын 1-январына чейин ай сайын өткөн календардык жылда райондо же шаарда түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелет.";
4) 5-2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 5-6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-6. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн жүргүзүлөт.
Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдар:
а) "Кыргыз футбол союзу" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - КФС), ошондой эле анын мүчөлөрү болгон юридикалык жактар;
б) КФС тарабынан бекитилген тизмекке ылайык кесиптик футбол клубдары жана/же футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан);
в) футбол стадиондорунун менчик ээлери же мыйзамдуу ээлери болуп саналган, КФСтин лицензиясына (сертификатына) ээ болгон уюмдар, көрсөтүлгөн стадиондорду эксплуатациялоо жана күтүү менен түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө.";
6) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эгерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар айлык өлчөмү 5-пункттун 1, 2-пунктчаларына ылайык эсептелген суммадан орточо айлык акынын өлчөмүнүн тиешелүүлүгүнө жараша 60 же 100 пайызынан аз болсо, анда кызматкер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, кармоо жана төгүү иш жүзүндөгү ЭТФдан жана эмгек акы төлөөнүн кошумча фондунан иш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчү тарабынан иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет, кармалат жана төгүлөт.
Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелген суммадан ашпоого тийиш.
Кызматкерлердин категориялары үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугун эсептөө.
Мисалы:
1) (31604 сом * 20 * 27,25%) = 172242 сом;
001 - негизги кызматкер (31604 сом * 20 * 27,25%) = 172242 сом;
003 - пенсионер (31604 сом * 20 * 25,25%) = 159600 сом;
100 - I-II топтогу майып (31604 сом * 20 * 17,25%) = 109033 сом;
2) (31604 сом * 20 * 12,25%) = 77430 сом;
001 - негизги кызматкер (31604 сом * 20 * 12,25%) = 77430 сом;
003 - пенсионер (31604 сом * 20 * 10,25%) = 64788 сом;
100-I -II топтогу майып (31604 сом * 20 * 3,25%) = 20543 сом;
3) (31604 сом * 20 * 10%) = 63208 сом.
105 - гонорарлар, сый акылар;
- юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган жеке жактар, мында:
- 31604 сом - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык өткөн календардык жылда республика боюнча орточо айлык эмгек акы (ОАЭ);
- 20 эселенген ОАЭ;
- 27,25%, 12,25%, 10% - "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 2-2, 7-статьяларына ылайык тарифтердин ставкалары;
- 001, 003, 100, 105 - кызматкерлердин категориялары.
Ошол эле учурда киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо иш жүзүндөгү эмгек акы фонду чагылдырылат.
Эгерде календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чектүү чоңдугунан ашса, анда бул суммалардын айырмасы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо чагылдырылбайт.";
7) 15-пункттун 3-пунктчасындагы "10" деген цифралар "6" деген цифрага алмаштырылсын;
8) 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Районду алмаштыруу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилгенде, киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту берүү тартиби кайрылган датага көз каранды:
- айдын 15ине чейин учурдагы мезгил үчүн отчет мурдагы катталган жери боюнча салык органына берилет;
- айдын 15инен кийин отчет жаңы турган жери боюнча берилет.";
9) 22-1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр эсептешүү ведомостунун реквизиттерин толтурууга карата/киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттордо төмөнкүдөй талаптарды сактоого тийиш:";
10) 44-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"44. Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участоктору (үлүштөрү) үчүн айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан укук белгилөөчү документ менен белгиленген жер участокторуна ылайык төгүлөт, ал ижарага берүүчүнүн (кооперативдин мүчөлөрүнүн) өздүк камсыздандыруу эсептерине бөлүштүрүлөт.
Мисалы:
Ош облусунун Араван районунда жайгашкан, юридикалык жакты түзбөгөн "Ашымов Максат" дыйкан (фермердик) чарбасы (ижарага берүүчү) "Келечек" айыл чарба кооперативинин (ижарачы) мүчөсү болуп саналат жана 10 га сугат жерин бул айыл чарба кооперативине ижарага берет.
Укук белгилөөчү документтерге ылайык жердин жалпы аянты - 10 га сугат жери Ашымов Максаттын үй-бүлөсүнүн үч мүчөсүнө менчик укугунда катталган жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда төмөнкүдөй үлүштөрдө бөлүштүрүлөт:
- 4 га жер участогу менчик укугунда Ашымов Максатка (үй-бүлө башчысы);
- 4 га жер участогу Ашымова Миргүлгө (үй-бүлө башчысынын жубайы);
- 2 га жер участогу Ашымова Гүлзатка (үй-бүлө башчысынын кызы) таандык.
Ижарачы - "Келечек" айыл чарба кооперативи ижарага берүүчүлөр (кооперативдин мүчөлөрү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздоочунун региондук органынын эсебине төлөйт. Ижарачы ("Келечек" айыл чарба кооперативи) төккөн камсыздандыруу төгүмдөрү жер үлүштөрүнө пропорциялуу түрдө ижарага берүүчүнүн (жеке жак - Ашымов Максаттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) өздүк камсыздандыруу эсептерине киргизилет.
2017-жылдан 2025-жылдын июнь айына чейинки мезгилде айыл чарба кооперативдери тарабынан жеке жак (ижарага берүүчү) үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү төмөнкүдөй эсептелет:
№ | Айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү (ижарага берүүчүлөр) | Сугат жерлери | Эсептелди (сом) | |
га | камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкасы (сом) | |||
1 | Ашымов Максат | 4 | 436 | 1744 |
2 | Ашымова Миргүл | 4 | 436 | 1744 |
3 | Ашымова Гүлзат | 2 | 436 | 872 |
| Бардыгы | 10 |
| 4360 |
Ижарачы ("Келечек" айыл чарба кооперативи) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын ижарага берүүчүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда жер участокторунун үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрөт, мында 4360 сом 10 га үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 100 пайызын түзөт, анын ичинен Ашымов Максатка 4 га үчүн үлүштүн 40 пайызы - 1744 сом, Ашымова Миргүлгө 4 га үчүн үлүштүн 40 пайызы - 1744 сом, Ашымова Гүлзатка 2 га үчүн үлүштүн 20 пайызы - 872 сом төлөөгө тийиш жана 4360 сом суммадагы камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздоочунун региондук органынын эсебине төгөт.";
11) 47-пунктта:
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) учурдагы жана/же келечектеги мезгилге камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу өздүк камсыздандыруу эсебин ыктыярдуу негизде толтурууну каалаган жеке жактар, анын ичинде чет өлкөдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактар;";
- 14-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" 49. Камсыздандыруу полиси электрондук форматта (электрондук камсыздандыруу полиси) таризделет.
Камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы салык төлөөчү тарабынан накталай жана накталай эмес формада банк мекемеси, перифериялык түзүлүштөр, POS-терминал, электрондук капчык, Интернет жана/же мобилдик банкинг аркылуу төгүлүшү мүмкүн.
Электрондук камсыздандыруу полиси ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча же жеке ишкердин, жеке жактын жашаган жери боюнча берилет, ошондой эле салык төлөөчүнүн жеке кабинети жана үчүнчү жактардын (коммерциялык банктардын, мобилдик байланыш операторлорунун ж.б.) санариптик платформалары аркылуу ыйгарым укуктуу орган бекиткен формада, мөөнөттө жана тартипте сатып алынат.
Патенттин негизинде ишкердик ишти жүргүзгөн жеке ишкерлер, жеке жактар ар бир патентке өзүнчө жана анын колдонуу мөөнөтүнө камсыздандыруу полистерин сатып алат.
Патенттин колдонуу мөөнөтүнө сатып алынуучу камсыздандыруу полисинин наркын аныктоо үчүн анын бир айлык суммасын 30 күнгө бөлүү жолу менен бир күндүк камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы эсептелет. Андан соң камсыздандыруу төгүмүнүн бир күндүк суммасы патент берилген мөөнөттүн күндөрүнүн санына көбөйтүлөт.
Мисалы:
жеке ишкер Э.Касымов 2024-жылы Бишкек шаарында 15 күндүк мөөнөткө "Эс алууну жана көңүл ачууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: 1 стол/такта үчүн акы төлөнүүчү стол үстүндөгү оюндар (теннис, шахмат, нарда жана башка стол үстүндөгү оюндар)" иштин түрүнө патент алат. Ал үчүн тарифтин ар айлык ставкасы орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 6%ынан кем эмес өлчөмдө белгиленген. 15 күн үчүн төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төмөнкүдөй эсептелет:
орточо айлык эмгек акы, орточо айлык эмгек акынын деңгээли бүтүндөй республика боюнча орточо эмгек акынын деңгээлинен 50% ашкан ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эсепке албаганда, Бишкек шаары боюнча 2022-жылга 2024-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 20390 сомду түзөт.
20390 сом * 6% : 30 күн * 15 күн = 612 сом.
Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салык төлөгөн (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн жана соода кылуудан киреше алган), берилген лицензиялардын негизинде иштеген, ошондой эле гонорар (сый акы) алган жактар үчүн полис айдагы календардык күндөрдүн санына берилет.
Электрондук камсыздандыруу полистери төмөнкүлөр үчүн сатып алынат:
- ыктыярдуу камсыздандыруу полистерин кошпогондо, жеке ишкердин мурунку жылдардагы статусун ырастаган документтердин (патент, күбөлүк, салык отчеттору ж.б.) негизинде туумдарды жана айыптарды эске алуу менен өткөн мезгил үчүн. Мында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөн мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасынын мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09% өлчөмүндө туум эсептейт. Туум камсыздандыруу полиси сатып алынышы керек болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап төлөө күнүн кошо алганда, ага чейин эсептелет;
- учурдагы ай үчүн же ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин;
- келечектеги мезгилдердин эсебине.";
13) 50-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөдө камсыздандыруу полистерин айдагы календардык күндөрдүн санына карата сатып алат. Мында орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төлөнгөн учурда, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн өткөн календардык жылдагы республика боюнча орточо айлык эмгек акы алынат.";
14) 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61. Ушул Нускаманын 61-1-пунктунда көрсөтүлгөн жокко чыгарылган камсыздандыруу полисин кошпогондо, электрондук камсыздандыруу полиси түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөн суммасы кайтарылбайт.";
15) төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын:
"61-1. Камсыздандырылган адамдын тандоосу боюнча майыптыгы боюнча пенсия алууга укугу жок (майып болгонго чейин камсыздандыруу стажы жок) майыптыгы бар адамдар же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар тарабынан камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү үчүн сатып алынган камсыздандыруу полиси жокко чыгарылууга тийиш.
Мында камсыздандыруу полиси жокко чыгарылгандан кийин төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ашыкча төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы болуп эсептелет жана төлөөчүгө кайтарылууга тийиш.
Жокко чыгарылган камсыздандыруу полиси - бул расмий түрдө жараксыз деп таанылган жана камсыздандыруучу менен камсыздоочунун ортосунда мындан ары камсыздандыруу милдеттенмелерин жаратпаган камсыздандыруу полиси.";
16) 81-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жарандары болуп саналган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тиешелүү категориялар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча эсептелет жана төлөнөт.
Пенсионерлер жана майыптар үчүн каралган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсионер же майып болгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жарандарынан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Түркия Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жарандары болуп саналган жалданма кызматкерлерге карата колдонулбайт.";
17) төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:
"83. Кытай Эл Республикасынын жарандары Социалдык фондго камсыздандырылган адам Кытай Эл Республикасынын мыйзамдарына баш ийе тургандыгын ырастаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашууга ылайык макулдашылган сертификаттарды бергенде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулууга тийиш:
1) Кытай Эл Республикасында коммерциялык ишканасы бар иш берүүчү тарабынан Кытай Эл Республикасынын аймагында жалданган жана ошол иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ушул иш боюнча жалданып, бул иш берүүчүгө кызмат көрсөтүү үчүн 24 айдан ашпаган мезгилге жөнөтүлгөн адам;
2) 24 айдан ашпаган мезгилге убактылуу иштерди аткаруу үчүн Кытай Эл Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына барып өз алдынча иштеген адам;
3) Кытай Эл Республикасынын ишканасынын кызматкерлеринин ичинен жалданып же өз атынан автомобиль, темир жол, аба же деңиз транспорту менен жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү эл аралык транспорт ташууларын жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кеңсеси бар адам;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында негизделген Кытай Эл Республикасынын ишканасынын филиалында же туруктуу өкүлчүлүгүндө ишке орношкон адам;
5) Кыргыз Республикасынын аймагына жөнөтүлгөн Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кызматчылары жана ошондой деп эсептелген адамдар.
Ушул пункттун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн мезгил мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча тараптардын ыйгарым укуктуу же компетенттүү органдары менен алдын ала макулдашуу боюнча жалпысынан 60 айга чейин узартылышы мүмкүн.";
18) жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
19) 5-тиркемеде:
- 3-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген адамдар үчүн тарифтер, 2030-жылдын 1-январына чейин";
- 7-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-главанын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | 104 | Ижарага берүүчү | 6 | 89,75 | 0 | 10 | 0 | 0,25 | 0 | 0 | ОАЭнин 6%ынан кем эмес |
".
3. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пункттун 3, 7, 19-пунктчаларын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча ЭСЕПТЕШҮҮ ВЕДОМОСТУ
Отчеттук мезгил 20____-жылдын "___" ________________
Отчет берилген дата 20____-жылдын "___" ________________
1 | Төлөөчүнүн аталышы |
| Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү |
|
2 | ИСН |
| Юридикалык дареги |
|
3 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда төлөөчүнүн каттоо номери |
| Телефон |
|
4 | ИУЖК коду |
| Банк (аталышы) |
|
5 |
|
| Алыш-бериш эсеби |
|
6 |
|
| Иштин түрү |
|
Иш менен камсыз болуу жана эмгек акы жөнүндө билдирүү
№ | Идентификациялык номер | Аты-жөнү | Бийик тоолуу жана алыскы райондордун коэффициенти | Иш башталган дата | Иш аяктаган дата | Күндөрдүн саны | Күндөрдүн саны (иш жүзүндө) | Камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелген киреше | Эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү (сом) | ТПФ боюнча эсептелген төгүмдөр (сом) | Кызматкерлердин категориялары | № 1 же № 2 тизменин коду | Жарандыгы | |
ЭТФ | Кошумча ЭТФ | |||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
n |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1) кызматкерлердин категориясы:
001 - негизги кызматкер;
100 - I-II топтогу майып;
009 - угуусу боюнча III топтогу майып;
010 - чет өлкөлүк жаран (өлкө);
101 - УАМС катышуучусу;
102 - УАМСтын майыбы жана ага теңештирилген адам;
003 - пенсионер;
103 - жеке ишкер;
104 - ижарага берүүчү;
105 - гонорарлар, сый акылар;
106 - кенже тейлөөчү персонал;
107 - кенже тейлөөчү персоналдын пенсионерлери;
018 - КТП I-II топтогу майып;
019 - КТП угуусу боюнча III топтогу майып;
021 - КТП УАМСтын майыбы жана ага теңештирилген адам;
204 - жеткирүү кызматынын кызматкери;
205 - турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин пенсионери;
206 - КТП турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин пенсионери;
020 - эмгек мигранттары;
2) тизмелердин коддору:
007 - № 1 тизме;
006 - № 2 тизме.
Эгерде кызматкер № 1 же № 2 тизмеге кирбесе, код көрсөтүлбөйт;
3) бийик тоолуу жана алыскы райондордун коддору:
500 - бийик тоолуу;
501 - алыскы райондор.".