АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 18-октябрындагы № III/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өз ара эептешүүлөр боюнча кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өз ара эептешүүлөр аркылуу 510,0 ( беш жүз он миң ) сом кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
· Ой-Терскен орто мектебине 130,0 тонна көмүр отунун алууга 390,0 ( үч жүз токсон миң) сом
· “Ача-Кайынды” бала бакчасына 40,0 тонна көмүр отунун алууга 120,0 ( бир жүз жыйырма миң) сом.
2. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага тапшырылсын.
Төрага: |
| М.Мааткабылов |