Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-августу № 554
«Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобонун 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-июнундагы № 368 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| «Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын
Байкоочу кеңешинин
курамы
Ибраимов Азат Эмильбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору;
|
Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Туманов Медербек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
|
Тажибаев Талантбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Эсеналиев Аманбай Жарматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын консультанты (макулдашуу боюнча);
|
Медербек уулу Адилет | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн улук консультанты (макулдашуу боюнча);
|
Байкулова Ирина Султановна | - | «Интернет саясатынын элдик демилгеси» мекемесинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Ниязов Эрмек Тургунбекович | - | «NSP» (Эн Эс Пи) жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Муканбетова Ширин Муканбетовна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
». | ||