Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

 

2021-жылдын 18-октябрындагы № III/V

Ой-Терскен орто мектебинин “Көзөмөлчүлүк Кеңешин түзүү жөнүндө”

“Көзөмөлчүлүк Кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык айкын пайдаланышын камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1391/1 буйрукун жана Ой-Терскен орто мектебинин көзөмөлчүлүк кенешинин курамын түзүү жөнүндө 11-октябрь 2021-жылдагы протоколун карап жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

·         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1391/1 буйруктарын Ача-Кайыңды айыл аймагындагы Ой-Терскен орто мектебинде аткарууга алынсын.

 

·         Ача-Кайыңды айыл аймагындагы Ой-Терскен орто мектебине бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.

 

 

·         Ача-Кайыңды айыл аймагындагы мектепке чейинки жана Ой-Терскен орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата “Көзөмөлчүлүк Кеңешинин курамы” 11(он бир) адамдан түзүлсүн.

1.    Кожомгелдиев Кенжебек – ата-энелер комитети.

2.    Эстебесов Айбек - ата-энелер комитети.

3.    Өмүрзакова Дамира – айыл өкмөтүнүн соц.адиси.

4.    Абыталыпова Дилбара – дыйкан чарба мүчөсү.

5.    Иманалиева Акылай - дыйкан чарба мүчөсү.

6.    Садыкова Гүлгаакы - аялдар кеңешинин төрайымы.

7.    Бейшеков Аскар – Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты.

8.    Тойчуева Айнура - дыйкан чарба мүчөсү.

9.    Матаков Болот - дыйкан чарба мүчөсү.

10. Токторбай уулу Акылбек - дыйкан чарба мүчөсү.

11. Калманбетов Асель - дыйкан чарба мүчөсү.

 

·         Түзүлгөн Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы массалык маалымат булактарына жарыялансын.

 

·         Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Жумалиевге жана Ой-Терскен орто мектебинин директору Р.Абдылдаевге тапшырылсын.

 

Төрага:

 

М.Мааткабылов