ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXXII - сессиясы
2021-жылдын 27-октябрындагы № 4
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын атайын счетундагы жана ЖКЧ бөлүмүнүн атайын счетундагы пландан ашыкча аткарылган акча каражаттарды сметанын планына киргизип жана багыттап берүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын атайын счетундагы жана ЖКЧ бөлүмүнүн атайын счетундагы пландан ашыкча аткарылган акча каражаттарды сметанын планына киргизип жана багыттап берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :
1. Чаек айыл өкмөтүнүн атайын счетундагы 60,0 (алтымыш миң) сомго ашыкча аткарылган акча каражаты, Чаек айыл өкмөтүнүн иштерин жүргүзүүгө ар кандай чыгымдарга (2215) беренесине жумшоо үчүн сметанын планына киргизилип жана багытталсын.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн ЖКЧ бөлүмүнүн атайын счетундагы 100,0 (жүз миң) сомго ашыкча аткарылган акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн сметасынын планына киргизилип 2221 (учурдагы оңдоо) беренесине 100,0 (жүз миң) сом Ак-Татыр айылындагы күрөш залынын жылуулугун оңдоого багытталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: |
| У.Жунушалиев |