ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVI сессиясы
2021-жылдын 30-июнундагы № 15
Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорлор боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Дѳдѳмѳл айылынын Дѳдѳмѳл-6, Дѳдѳмѳл-7 жана Береке кѳчѳлѳрүнүн 1275 метр жолуна кара шагыл тѳшѳѳ үчүн сунуштаган Дѳдѳмѳл айылынын элинин жалпы чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |