Редакцияот 01.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVIII сессиясы

 

 

2021-жылдын 1-сентябрындагы № 17

 

“Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтүнүн орто мөөнөттүү ( 2018-2023-жж) стратегиялык өнүгүү программасына” кошумча киргизүү жөнүндө

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган ХХХVIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. 2017-жылдын 29-декабрында Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган IV сессиясында бекитилген “Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтүнүн орто мөөнөттүү (2018-2023-жж) стратегиялык өнүгүү программасына” 11 пункт болуп “Жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү» иш мерчеми кошумчалансын (программа тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

Төрагасы

Р.Ѳ.Ажыбаев