Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-сентябрындагы № 18
Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө
Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы менен Ленин айылынын таштандыларын чыгаруу үчүн келишим түзүү керектиги жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.С.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ленин айылынын турмуш-тричилик таштандыларын Тогуз-Торо райондук “Таза кызмат” муниципалдык ишканасы аркылуу чыгартуу үчүн айыл тургундары менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына таштанды үчүн тѳлѳмдѳр түтүнгѳ 100 сом, соода түйүндѳрү үчүн 200 сомдон тарифтер бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |