Редакцияот 01.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVIII сессиясы

 

 

2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19

 

Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтомуна ылайык, токойлорду туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо максатында Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXVIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтү жана “Кыргыз токой жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлгѳн токой жайгаштыруу боюнча мамлекеттик токой жана ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан, Тогуз-Торо айыл аймагындагы токойлорду инвентаризациялоо жыйынтыктары 1 жана 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

Төрагасы

Р.Ѳ.Ажыбаев