Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК СТАТИСТИКА КОМИТЕТИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 16-июлу № 01-13/79
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар болгон учурлардын жана жагдайлардын тизмегин бекитүү тууралуу
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө» жобонун 19-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар болгон учурлардын жана жагдайлардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары – Улутстатком) төрагасынын орун басарлары, аппарат жетекчиси, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери, бөлүм башчылары, Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу/жоюу максатында аларды төмөндөтүү боюнча ишти туруктуу негизде жүргүзсүн:
3. Улутстаткомдун Укуктук экспертиза сектору (М.А. Анарбаев) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мемлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Улутстаткомдун Статистикалык маалыматты жайылтуу жана коммуникациялар башкармалыгы (Ч.С. Турдубаева) ушул буйрук менен бекитилген Тизмени Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Улутстаткомдун 2024-жылдын 23-январындагы № 6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 17-июлунда https://stat.gov.kg/media/files/8fa9b1ef-f903-4e73-a4f2-477cb4e00521.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Б.Ж. Кудайбергенов |