Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын 16-июлундагы № 01-13/79 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде
(мындан ары - Улутстатком) коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
№ | мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укуктары) (*) | Коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар ( * * ) | Коррупциялык тобокелдик категориялары: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппаратынын, аймактык же ведомствого караштуу бөлүмдар, мекемелер) (***) | Коррупциялык тобокелдикке контуу болгон кызмат орундары контуу ( * * * * ) | Башка мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү |
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу | |||||||
1 | Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс өткөрүү | - Талапкерлерге конкурска катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; - конкурстук тандоонун натыйжаларын баалоо; - кызматка дайындоо боюнча рекомендацияларды түзүү; - кызыкчылыктардын кагылышы; - конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө укукка сыйбаган таасир көрсөтүү; - айрым талапкерлердин конкурска катышуусун чектөө; - айрым талапкерлер үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү; - конкурсту объективдүү өткөрүү үчүн мааниси бар маалыматтарды жашыруу же көрмөксөн болуу; - конкурстун этабын формалдуу өткөрүү
| Системалык | Орто | Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы, статистиканын аймактык органдары | Аппарат жетекчиси, башкармалыктын начальниги, башкармалыктын башкы адиси, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
2 | Кызмат орундарына тандоо, илгерилетүү жана дайындоо | - Персоналды дайындоодо, которууда, кызматка көтөрүүдө жана ротациялоодо белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын илгерилетүү; - мамлекеттик (муниципалдык) кызматка ачыктык, объективдүүлүк, айкындуулук жана бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин бузуу менен кадрдык чечимдерди кабыл алуу | Системалык | Орто | Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы, статистиканын аймактык органдары | Аппарат жетекчиси, башкармалыктын начальниги, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциянын түрү: расмий статистиканын өндүрүшүн камсыз кылуу | |||||||
3 | Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу | Чарбалык субъекттер тарабынан расмий статистиканын жогорулатылган же төмөндөтүлгөн маалыматтары менен отчетторду берүү; -статистикалык маалыматтарды жасалма өзгөртүү же оңдоо | Системалык | Төмөн | Статистиканын аймактык органдары, экономикалык жана социалдык статистиканын маалыматтарды иштеп чыгуу башкармалыгы, борбордук аппараттын тармактык башкармалыктары жана бөлүмдөрү, экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы | Статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, башкармалыктардын начальниктери жана бөлүмдөрдүн башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер жана адистер | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Иш багыты (тематика) боюнча чет өлкөлүк стажировкага, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жиберилүүчү кызматкерлерди тандоо | - Таламдардын кагылышуусунун, жеке пайданын же укукка сыйбаган таасирдин натыйжасында окууга, такшалууга, квалификациясын жогорулатууга, эл аралык билим берүү программаларына катышууга, чет өлкөлүк иш сапарларга жана кесиптик өнүгүүнүн башка иш-чараларына талапкерлерди тандоодо айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү; - айрым кызматкерлерди жасалма тандоону түзүү; - кызматкерлерди стажировкадан өтүүгө, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга катышууга негизсиз чектөө; - кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө объективдүүлүк, ачыктык жана бирдей жеткиликтүүлүк принциптерин сактабастан чечимдерди кабыл алуу | Кырдаалдык | Орто | Эл аралык кызматташтык бөлүмү, Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы | Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгынын башчысы | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
5 | Кызматкерлерди сыйлоого жана кызыктырууга сунуштамаларды (материалдарды) кароо | - Субъективдүү мамиленин, кызыкчылыктардын кагылышуусунун жеке кызыкчылыгынын же талапкерлердин сыйлоонун белгиленген критерийлерине ылайык келишин талаптагыдай текшерүүнүн жоктугунан улам айрым адамдарды сыйлоого негизсиз сунуштоо; - кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгы болгон учурда сыйлоого көрсөтүүдөн баш тартуу | Кырдаалдык | Орто | Адам ресурстары, иш кагаздарын жүргүзүү жана административдик иштер башкармалыгы, статистиканын аймактык органдары | Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы, статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери, сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциянын түрү: мамлекеттик сатып алуулар | |||||||
6 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | -Товардык-материалдык баалуулуктарга жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыкты негизсиз жогорулатуу; - конкреттүү жабдуучу үчүн сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды түзүү; - сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги; - келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен; - жеткирүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө. | Кырдаалдык | Орто | Бухгалтердик эсеп башкармалыгы, мамлекеттик сатып алуулар сектору, статистиканын аймактык органдары; Интеллектуалдык маалыматтар борбору | Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы, сектор башчысы, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
7 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу | - талаптарга жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу | Кырдаалдык | Орто | Бухгалтердик эсеп башкармалыгы, мамлекеттик сатып алуулар сектору, административдик-чарбалык бөлүм, Интеллектуалдык маалыматтар борбору | Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы, сектор башчысы, административдик-чарбалык бөлүмдүн башчысы, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери | Бул тобокелдик Улутстаткомдун ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: финансылык-чарбалык иш | |||||||
8 | Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык каражаттарды бөлүштүрүү | - Объективдүү критерийлер жок болгон учурда "эмгектин өзгөчө шарттары" үчүн үстөктөрдүн жана кошумча акылардын максималдуу коэффициенттерин белгилөө | Потенциалдуу | Төмөн | Бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
9 | Товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүштүрүүнү эсепке алуу жана контролдоо | - Товардык-материалдык баалуулуктарды айрым жактардын кызыкчылыктарында негизсиз эсептен чыгаруу, өткөрүп берүү же бөлүштүрүү | Системалык | Төмөн | Бухгалтердик эсеп башкармалыгы, административдик-чарбалык бөлүм | Бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы, бөлүм башчысы. | Бул тобокелдиктер Улутстатком системасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциянын түрү: мүлктү тескөө | |||||||
10 | Оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү келишимдик негизде өткөрүп берүү, ижарага берүү | - Экономикалык максатка ылайыктуулугун негиздебестен мүлктү ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; - расмий каттоосуз ижарага берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; - ижара акысын жасалма төмөндөтүү менен
| Кырдаалдык | Орто | Ведомство караштуу жана статистиканын аймактык органдары | Ведомство караштуу жана статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери | Бул тобокелдиктер Улутстаткомдун жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишине, системасына тиешелүү болушу мүмкүн |