Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ,
КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 28-июлу № 10-1/224
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер
ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик
агенттиктин системасында 2026–2027-жылдарга коррупциянын пайда
болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин системасында 2026–2027-жылдарга коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жер агенттигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилери бекитилген Тизмеге ылайык, туруктуу негизде төмөнкүлөр боюнча иштерди жүргүзүшсүн:
- коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу же жоюу максатында аларды башкаруу боюнча механизмдерди киргизүү;
- көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууну камсыз кылуу жана кызматкерлердин жеке жана юридикалык жактар менен түз байланыштарын минималдаштыруу;
- коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана кызматкерлердин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында баш ийген кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө ички контролду күчөтүү.
3. Жер агенттигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерине кызматтык ишмердүүлүктө коррупциялык көрүнүштөргө өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча зарыл болгон чараларды көрбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
4. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына;
5. Чечимдерди аткарууну контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча бөлүм ушул буйрукту Жер агенттигинин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын бардык кызматкерлерине жеткирсин, ошондой эле ведомствонун расмий сайтына жарыяласын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басары Ж.Т. Токтосуновго жүктөлсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 28-июлунда https://gosreg.gov.kg/ky/?page_id=6153 расмий сайтында жарыяланды
Директор | Э.Ж. Зарнаев |